Бишкек, 5.09.25 /Кабар/. Аймактагы аялдардын укуктарын чыңдоого жана чек арада жашаган элдин жашоо шарттарын жакшыртууга багытталган иштер жүргүзүлдү. Бул тууралуу BOMCA 10 программасынын жыйынтыктары чыгарууга багытталган маалымат жыйыны учурунда Латвиянын Мамлекеттик чек ара кызматынын башчысы, генерал Гунтис Пуятс айтты.
Ал Евробиримдиктин жогоруда аталган программасын жетектөө милдетине байланышкан учурлар менен бөлүшүп жатып, “Программанын бюджети 21,65 млн еврону түздү. Ошондой эле ал Борбор Азиянын Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан өлкөлөрүн камтыды. Латвиянын Мамлекеттик чек ара кызматынын милдети – программаны ишке ашыруучу командасын түзүү болду. Ага Латвиянын чек ара кызматы, Бажы кызматы, Фитосанитардык инспекциясы, Техникалык университети, андан сырткары, Литва, Польша, Венгрия өлкөлөрүнүн чек арачылары, эксперт катары Италия өлкөсү жана Борбор Азиянын Борбордук миграциялык саясатты өнүктүрүү боюнча эл аралык борбору катышты. Бизге 54 ай берилип, бул кыска убакыттын ичинде 7 миң катышуучунун коштоосунда 365 долбоорду иш жүзүнө ашыра алдык”,-деп белгиледи.
Мындан сырткары, ал программанын эң маанилүү жетишкендиктерине токтолду.
“Кыргызстан менен Тажикстан өлкөлөрү интеграциялык чек ара коопсуздугун камсыздоону бекитти, Бажы кодекси да кабыл алынды. Ошондой эле бажы процедураларын өркүндөтүү, өлкөлөр ортосундагы сооданы жакшыртуу, аймактагы аялдардын укуктарын чыңдоо жана чек арада жашаган элдин жашоо шарттарын жакшыртуу багытында иштер жүргүзүлдү. Фитосанитардык процедураларды жакшыртуу, жасалма документтерди аныктоо жана кинология боюнча да программалар ишке ашырылды”,-деп кошумчалады ал.
Программа акыркы төрт жарым жыл ичинде коопсуздукту чыңдоого, туруктуу өнүгүүгө өбөлгө түзүүгө жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматташууну бекемдөөгө багытталган бир катар иш-чараларды жүзөгө ашырган.
Ал эми Евробиримдиктин өкүлчүлүгүнүн Кыргызстандагы Убактылуу ишенимдүү өкүлү Ханс Георг Фарнхаммер өз сөзүндө “BOMCA 10 — чек ара аймактарын башкарууга багытталган комплекстүү программа. Ал Евробиримдиктин демилгеси болуп, Камбар-Ата ГЭСи, Транс каспий коридорун куруу сыяктуу суу ресурстарына байланышкан ири регионалдык долбоорлор ишке ашырылды”-деди.
Белгилей кетсек, BOMCA (Border Management Programme in Central Asia) - бул Евробиримдиктин (ЕБ) Борбор Азия өлкөлөрү үчүн ишке ашырып келе жаткан программасы. Ал 2003-жылдан бери түрдүү этаптар менен ишин жүргүзүп келет.
Програманын бул жолку онунчу фазасында - чек ара кызматтарын институционалдык жактан өнүктүрүү, мыйзам бузуу фактыларын аныктоо мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу, мыйзамдуу соодага көмөктөшүү жана чек арага жакын жашаган калктын жашоосун жакшыртуу үчүн трансчек аралык кызматташууну чыңдоого багытталган иштердин жыйынтыктары айтылды.