Бишкек, 17.09.26 /Кабар/. Боливия менен Парагвай эки өлкөнүн ортосундагы мамлекеттик чек араны демаркациялоо иштерин аяктады. Бул процесс 1938-жылы Чако согушунан (1932–1935) кийин башталганын Интерфакс билдирет.
Маалыматта белгиленгендей, Ла-Паста кабыл алынган чечим 88 жылга созулган тарыхый процесстин жыйынтыгы болуп, Парагвай менен Боливиянын чек арасынын толук узундугун расмий бекитүүгө жана каттоого жол ачат.
Эки өлкөнүн чек арасынын жалпы узундугу 742 чакырымды түзөт. Анын 38 чакырымы дарыялар аркылуу өтөт.
1938-жылы Боливия менен Парагвайдын ортосунда Тынчтык, достук жана чек аралар жөнүндө келишимге кол коюлган. Анын негизинде чек араны тактоо боюнча биргелешкен комиссия түзүлүп, ошол эле жылдын декабрь айында ишин баштаган.
Тарыхчылардын маалыматына караганда, 1932–1935-жылдардагы Чако согушунда 50 миңге жакын боливиялык жана 40 миң парагвайлык каза болгон. Бул согуш XX кылымдагы Түштүк Америкадагы эң ири куралдуу жаңжалдардын бири болуп эсептелет.