Курманов: Биздин милдет кыргыз авиациясына заманбап, кесипкөй адистерди даярдап берүү

Маек Загрузка... 02 Сентябрь 2025 17:44
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon www

Назира Кенжебекова

Бардык материалдар

Кыргызстандын авиация тармагында акыркы жылдары бир топ жаңы өзгөрүүлөр болууда. Аталган тармакка кесипкөй кадрларды даярдап берип жаткан окуу жай – бул И.Абдраимов атындагы Кыргыз авиация институту. Окуу жайдын өзүндө дагы жаңы макам, заманбап программалар жана эл аралык стандарттарга шайкеш келүү сыяктуу өзгөрүүлөр орун алууда. Алдыда институттун алгылыктуу багыттары тууралуу аталган институттун директору Улан Курманов айтып берет.

- Кыргыз авиация институтунун түзулүш тарыхы жөнүндө кыскача айта кетсеңиз. Окуу жай кандай жолдорду басып өткөн?

- Авиация институту алгач 1973-жылы Фрунзе жарандык авиациялык кесиптик орто окуу жайы болуп түзүлгөн. Ал убакта окуу жай союздун 15 республикасы менен катар Жакынкы Чыгыш, Африка жана Түштүк Американын айрым өлкөлөрү үчүн да авиация адистерин даярдап турган. Убагында Орто Азия боюнча жалгыз окуу жай болгон.

1991-жылы колледж макамын алып, ага кыргыз авиациясынын негиздөөчүсү Ишенбай Абдраимовдун аты берилген. Ал эми 1993-жылдан тарта ар тараптуу кесипчиликти өздөштүрүп, жергиликтүү жарандык авиация өндүрүшүнө керектүү адистерди чыгара баштаган.

Ошондой эле окуу жай 2018-жылы Кыргыз авиация институту болуп өзгөртүлүп, Кыргыз мамлекеттик жарандык авиация агенттигинин курамына киргизилди. Мындан ары окуу жайдын тарыхындагы жаңы барак ачылып, жогорку окуу жайга тиешелүү программалар өздөштүрүлө баштады. Жогорку билим берүү деңгээлинде бакалавр, магистратура жана PhD багытында адистер даярдай баштады. Учурда институттан сырткары 9-11-класстан кийин кабыл алуучу колледж дагы өз ишин улантууда.

- Окуу жай кайсы багыттагы адистерди даярдап чыгат?

- Азыркы учурда институтта 3000 минден ашуун студент 12 кесипчилик боюнча билим алууда. Кадрлар жогорку кесиптик билим берүү программасы жана орто кесиптик билим берүү программасы боюнча эки багытта даярдалат. Магистратура программасы боюнча быйыл алгачкы бүтүрүүчүлөрдү чыгардык, ал эми PhD программасына алгачкы кабыл алуу жүргүзүлдү. Учкучтар, инженерлер, аба кыймылын башкаруунун диспетчерлери, авиациялык менеджерлер, ташууларды уюштуруу боюнча адистер, авиациялык коопсуздук кызматкерлери жана күйүүчү-майлоочу материалдар менен камсыздоо багытындагы адистер ушул деңгээлде окутулат.

Ал эми институттун алдындагы колледж - аба транспортунун техник-механиктери, аба кемелерин жерде тейлөө адистери, учкучсуз учуучу аппараттарды тейлөө адистери жана компьютердик-техникалык тейлөө боюнча кадрлар даярдалат.

- Өлкөдө аэропорттордун саны көбөйдү. Окуу жайдын бүтүрүүчүлөрүнүн канча пайызы жергиликтүү аэропорттордо иштеп жатышат?

- Бүгүнкү күндө өлкөдөгү бардык аэропорттор жаңыланып, оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, айрымдары жаңы курулду. Биздин окуу жайдын бүтүрүүчүлөрү үчүн бул албетте, жаңы мүмкүнчүлүк. Бир кезде аймактардан студенттер дээрлик келбей калды эле. Акыркы эки жылдын ичинде алардын саны көбөйө баштады. Анткени, президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен аймактардагы аэропорттордун ишке кириши алар үчүн жарнама болду. Мындан улам жаштардын кызыгуусу ойгонбой койгон жок.

Ал эми жергиликтүү аэропорттордогу биздин бүтүрүүчүлөрдүн пайызы жөнүндө айта турган болсок, негизги Ош, Манас жана аймактык аэропорттордо биздин бүтүрүүчүлөр көп. 2023-жылы жүргүзүлгөн илимий статистикалык изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча жарандык авиация кызматкерлеринин 60%ы биздин бүтүрүүчүлөр экендиги аныкталган.

- Советтер союзу маалындагыдай чет өлкөдөн келип билим алган студенттер барбы?

- Учурда биз чет элдик студенттерди тартуу программасынын үстүнөн иштеп жатабыз. Окуу жайга студенттер негизинен Орто Азия мамлекеттеринен келип окушат. Алардын басымдуу бөлүгү Кыргызстандык жаштар болсо да, учурда Түркия, Түштүк Корея, Белоруссия, Россия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Азербайжандан өлкөлөрүнөн келгендер. Аз санда Ливия, Сирия, Түштүк Корея жана Иран өлкөлөрүнөн келген студенттер да бар. Бул биздин окуу жайдын эл аралык кадыр-баркы өсүп жатканынан кабар берет.

- Кыргызстанда авиация тармагы өнүгүүдө. Муну утурлай сиздердин окуу жайда кандай өзгөрүүлөр болууда?

- Президент бул тармакты өз көзөмөлүнө алгандан бери олуттуу жаңылануулар жүрүп жатат. Мисалы, бүгүн “Манас” аэропортуна жаңы учак келди. Авиациядагы ар бир жаңылануу биздин окуу жай үчүн да чоң мүмкүнчүлүк жана чакырык болуп саналат. Биздин милдет – тармакка заманбап, кесипкөй адистерди даярдап берүү.

Быйыл апрель айында окуу жайга өзгөчө макам берилди. Ошого жараша жаңы стандарттар иштелип чыгып, илим, өндүрүш жана окутуу процесси өз ара шайкеш келиши керек деген талап коюлду. Окутуу программалары кайра каралып, англис тилинин сааты көбөйтүлдү, заманбап тармактык дисциплиналар киргизилди.

Дүйнөлүк банктан утуп алган гранттын эсебинен жети заманбап илимий стенд сатып алдык. Акыркы 2–3 жылда аудиториялар менен актовый зал жаңыланып, китепкана электрондоштурулду. Окутуу процессинде колдонуу үчүн төрт учак алынды. Азыр студенттер үчүн жатакананы толук оңдоп-түзөө иштери аяктап баратат.

- Окуу жайдын алдыдагы пландары кандай?

- Кыска мөөнөттүү пландардын катарында – окуу жайда дуалдык билим берүү - өндүрүш менен билим берүүнү шайкеш келтирүү жаатында иштерди жасап жатабыз. Бул жыл эксперименталдык окуу жылы болот. Теория менен өндүрүштүн паралелдүү кетишине аракет кылып жатабыз.

Ал эми узак мөөнөттүү пландарды айта турган болсом, эл аралык сертификацияга даярданып жатабыз. Ал бизге дүйнөлүк авиациялык окуу жайлардын катарына киргенге мүмкүнчүлүк берет. 2027-28-жылдары эл аралык авиациялык уюмдун борбору катары сертификат алганга даярдануудабыз. Андан сырткары илимий жаатта 3 өндүрүштүк долбоорду ишке киргизүүдөбүз. Аны менен жаштар илимий даражаны алышат.

Андан сырткары жаңы 6 миң чарчы метр өлчөмүндөгү окуу имаратын куруу планыбыз бар.