Биздин аракеттер эки мамлекет үчүн гана эмес, бүтүндөй регионго пайда алып келерине ишенем – Садыр Жапаров

Президент Загрузка... 13 Март 2025 17:45
WhatsApp Image 2025-03-13 at 15.03.52.jpeg
copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 13.03.25. /Кабар/. Биздин аракеттер эки мамлекет үчүн гана эмес, бүтүндөй регионго пайда алып келерине ишенем. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен кеңейтилген курамдагы жолугушуу учурунда билдирди.

“Биздин аракеттер биздин мамлекеттер үчүн гана эмес, бүтүндөй регионго пайда алып келерине ишенем. Кыргызстандын душманы жок, бизде достор, өнөктөштөр, союздаштар жана түбөлүктүү коңшулар бар. Бүгүнкү жолугушуу ынак коңшулук мамилелерди бекемдөөдө, өз ара пайлануу кызматташууну өнүктүрүүдө жана биздин элдердин бакубатчылыгына багытталган биргелешкен демилгелерди ишке ашырууда кезектеги маанилүү кадамдардын бири болуп каларына ишенимимди билдиргим келет”, - деп айтты өлкө башчысы.

Белгилей кетсек, бүгүн, 13-мартта президент Садыр Жапаров менен Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун сүйлөшүүлөрү болуп, эки тараптуу бир катар документтерге кол коюлду.