Бишкек, 14.03.25. /Кабар/. Бишкектин түндүк айланма жолундагы кыйылган бир дарактын ордуна үчөө отургузулат.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришкендей, Бишкек шаарынын түндүк айланма жолундагы (Алматы-Бишкек-Ташкенттин 230,7–255 км жана Бишкек-Балыкчы-Нарын-Торугарттын 0–9,1 км аралыгы) узундугу 33,4 км болгон жол курулушуна байланыштуу бак-дарактарды кыйуу боюнча төмөндөгүдөй түшүндүрмө берилет.
2025-жылдын 10-февралында Бишкек-Аламудун регионалдык башкармалыгы тарабынан Алматы-Бишкек-Ташкент багыты боюнча 230,7–255 км аралыкта 2140 түп, ал эми Бишкек-Балыкчы-Нарын-Торугарт багыты боюнча 0–9,1 км аралыкта 1577 түп бак-даракты кесүүгө макулдук берилген.

Актыга жана Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин кепилдик каттарына ылайык, кыйылган бак-дарактар “биринин ордуна үчөө” принциби менен калыбына келтирилип, ар бир кыйылган дарактын ордуна үч дарак отургузулат.
"Жарандардан убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен мамиле кылуусун суранабыз. Реконструкция иштери жолдун кеңейтилиши менен катар, транспорттук жеткиликтүүлүктү жакшыртуу, тыгындарды азайтуу жана жол коопсуздугун жогорулатуу максатында жүргүзүлүүдө",-деп айтылат маалыматта.