Бишкек, 24.04.25. /Кабар/. Бишкек - Нарын - Торугарт жолунда куруу иштери кызуу жүрүүдө. Күзгө чейин жолдун 9-чакырымга чейинки тилкеси жасалып бүтүшү керек.
Тилке Алматы көчөсү менен айланма жолдун кесилишинен башталып, Кант шаарына чейинки аралыкты түзөт. Долбоордун өзгөчөлүгү трассада бир дагы жол чырагы болбойт.
Он эки кесилиш болот, эки деңгээлдүү 4 жол түйүнү курулат жана алты тилкеге кеңеет.
Жөө адамдар үчүн жер алдынан өтмөктөр жана 7 көпүрө салынат. Муну менен айланма жолдогу тыгын жоюлат деген пландар бар.
Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда.