Бишкектин Түндүк айланма жолу кандай болуп өзгөрөт - эскиздери

Коом Загрузка... 14 Апрель 2025 17:55
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
{{ item.title }}
Next
Previous
copyright icon Транспорт жана коммуникациялар министрлиги

Бишкек, 14.04.25. /Кабар/. Бишкек шаарынын Түндүк айланма жолун реконструкциялоо иштери кызуу жүрүүдө.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, азыркы тапта алгачкы 6 тилкелүү трассанын курулушун колго алган подряддык компания тарабынан жолдун түбүн бекемдөө, жер иштери жана кеңейтүү жумуштары жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын түндүк айланма жолунун жалпы узундугу 33,4 чакырымды түзөт. Быйыл анын 15 чакырымына асфальт төшөө пландалууда.

Тактап айтканда, 2025-жылы Алмата – Бишкек – Ташкент жолунун 6 чакырымы жана Бишкек – Нарын – Торугарт жолунун 9,1 чакырымы реконструкцияланат. Жолдун аталган тилкесинде (15 чакырым аралыгында) эки деңгээлдүү 4 жол түйүнүн куруу каралган.