Бишкекте жыл сайын отургузулган бак-дарактардын саны жана алардын абалы тууралуу “Кабар” маалымат агенттигине “Бишкек жашыл чарба” муниципалдык ишканасынын маркетинг, сатуу жана инвестиция тартуу бөлүмүнүн башчысы Нурбек Асангазиев маек берди.

— Күзүндө отургузулган көчөттөрдүн канча пайызы жакшы тамыр алып, өсүп кетти?
— Байкоолорго таянсак, күзүндө отургузулган көчөттөрдүн тамыр алып, өсүп кетүү көрсөткүчү болжол менен 85–86%ды түзөт. Бул зарыл агротехникалык талаптарды сактоо жана үзгүлтүксүз кам көрүү менен көчөттүн шаардык чөйрөнүн шарттарына жакшы ыңгайлашуусун чагылдырган туруктуу көрсөткүч болуп эсептелет.
— Статистикалык маалыматтар менен бөлүшө кетсеңиз, жыл сайын жалпысынан канча дарак тигилет?
— Жыл сайын Бишкек шаарынын аймагында 15 миңден ашык дарак отургузуу каралган. Мисалы, 2025-жылы 18 миң 755 дарак тигилген.

— Калаа шартында дарактардын тамыр алып, өсүп кетиши эмнеден көз каранды? Жашылдандырууда кандай негизги көйгөйлөр жаралат?
— Көчөттөрдүн тамыр жайып кетиши сугарууга, отургузулган жердин кыртышынын сапатына жана климаттык шарттарга түздөн-түз байланыштуу. Биз өз тарабыбыздан шаар аймагында тигилген бардык дарактардын өсүп кетиши үчүн тийиштүү кам көрүп келебиз.
— Өспөй калган көчөттөрдүн ордуна жаңылары тигилеби?
— Ооба, куурап калган жана эски дарактар алынып, алардын ордуна жаңы жаш көчөттөр отургузулат.
— Отургузулган жаш көчөттөргө кам көрүү иштери кандай уюштурулган?
— Отургузулган бардык дарактар ишкананын балансында жана жоопкерчилигинде болот. Көчөттөрдү кароо менен райондук жашыл чарба бөлүмдөрү алектенет. Алар өздөрүнө бекитилген аймактарда көчөттөрдү үзгүлтүксүз сугарып, карап, толук кандуу өсүшү үчүн бардык шарттарды түзүшөт.

— Отургузулган дарактардын абалына мониторинг жүргүзүү тутуму барбы?
— Ооба, шаарда отургузулган дарактардын абалына мониторинг жүргүзүү тутуму иштейт. Бардык жашыл бак-дарактар алардын абалын, жашын, тукумун жана өскөн жерин аныктоочу үзгүлтүксүз инвентаризацияланууга тийиш. Эсепке алуу үчүн атайын биркалар жана каттоо номерлери колдонулуп, бул ар бир даракты системалуу түрдө көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк берет. Мындан тышкары, райондук бөлүмдөр пландуу текшерүүлөрдү жүргүзүп, көчөттөрдүн өсүшүн, шактарынын абалын баалап, кошумча кам көрүү же алмаштыруу зарылдыгын аныктап турушат.
— Шаарды жашылдандырууда көбүнчө дарактардын кайсы түрлөрү колдонулат?
— Шаарды жашылдандырууда көбүнчө катальпа, липа, каштан жана клён сыяктуу дарактар колдонулат. Катальпа — тез өскөндүгү, чоң кооз жалбырактары жана калаа шартына туруктуулугу менен бааланат. Липа — жыш шагы, көлөкө берүү өзгөчөлүгү менен белгилүү болсо, каштан —гүлдөгөн мезгилдеги өзгөчө кооздугу жана шаарга жакшы ыңгайлашуусу менен тандалат. Ал эми клён — абанын булганышына туруктуулугу жана ар кандай шарттарга ылайыктуу көп түрдүүлүгү менен белгилүү.

— Акыркы жылдары жашыл зоналардын аянтынын көбөйүп же азайып баратканын пайыз менен айта аласызбы?
— Акыркы жылдары жашыл аймактардын аянты көбөйүп жаткандыгы байкалууда. Бул шаардын кеңейиши, жаңы аймактарды жашылдандыруу иш-чараларынын ишке ашырылышы, ошондой эле жаңы бакчалардын, сейил бактардын түзүлүшү жана көрктөндүрүлүшү менен байланыштуу.