Бишкектин айрым жерлеринде 3 күн газ болбойт

Коом Загрузка... 08 Август 2025 12:27
dscf2800_id84141_1300x867_13_1200x675.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 08.08.25. /Кабар/. Бишкектин айрым жерлеринде 3 күн газ болбойт.

Бишкекгаз» газ кызматы билдиргендей, орто жана төмөн басымдагы газ өткөргүчтөрүндө оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу төмөнкү көчөлөр менен чектелген райондордо жаратылыш газы убактылуу өчүрүлөт:

  • Гагарин көчөсү - Ч.Айтматов проспектиси - Ажыбек баатыр көчөсү, Островский көчөсү - 11-12-август күндөрү;
  • Жукеев-Пудовкин көчөсү, Токомбаев көчөсү, Сухэ-Батор көчөсү, Юнусалиев көчөсү, Безымянная көчөсү – 12-13-август күндөрү.

«Бишкекгаз» газ кызматы түзүлгөн ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана абоненттерге жаратылыш газы өчүрүлгөн мезгилде энергиянын алтернативдүү булактарын колдонууну сунуштайт.