Бишкекте акыркы жылдары унаа тыгыны, абанын булганышы, унаа токтотуу көйгөйү, тазалык маселелери жана жол коопсуздугу менен байланышкан маселелер шаар тургундарынын күнүмдүк жашоосун оорлотууда. Бул жагдайлар калктын санынын өсүшү менен дагы курчуп, шаар бийлигин комплекстүү реформаларды жүргүзүүгө түртүүдө.
Унаа тыгынында өткөн өмүр
Тыгындар - борбор калаадагы эң олуттуу көйгөйлөрдүн бири. Айрыкча эртең менен жумушка, окуучулар менен студенттер окууга шашылган маалда жана кечинде эл үйүнө кайтып жаткан учурда жолдордо унаалардын саны кескин көбөйүп, узун тыгындар жаралат. Мындай көрүнүш шаар тургундарынын убактысын алып, коомдук транспорттун кыймылын жайлатып, күнүмдүк жашоого ыңгайсыздык жаратат.
Бул көрүнүш өзгөчө жол оңдоо жана курулуш иштери жүрүп жаткан мезгилде, ошондой эле аба ырайынын өзгөрүшүнө жараша дагы күчөйт. Мисалы, кар жана жаан-чачын жааган убактарда.

Кышкы түтүн жана абанын кирдеши
Бишкек шаары март айында дүйнөдөгү ири шаарлардын абасынын сапатын аныктаган "World Air Quality" рейтингинде экинчи орунга көтөрүлгөн.
Өзгөчө кыш мезгили келгенде абанын булганышы шаардагы эң олуттуу көйгөйлөрдүн бирине айланат. Өзгөчө суук күндөрү шаарды коюу түтүн каптап, абанын сапаты кескин начарлайт. Мындай көрүнүш тургундардын ден соолугуна терс таасирин тийгизип, дем алуу органдарынын ооруларына байланышкан көйгөйлөрдү күчөтөт.
Расмий маалыматтарга ылайык, абанын булганышына негизинен унаалар, жеке үйлөрдү көмүр менен жылытуу, таштандыларды туура эмес пайдалануу жана айрым өндүрүш булактары таасир этет. Айрыкча шамалсыз күндөрү түтүн шаар үстүндө узак убакыт кармалып турат.

Унаа токтотуучу жай издөө үчүн көчө кыдырып жүрүү
Бишкекте унаа токтотуу маселеси шаар тургундары үчүн күнүмдүк түйшүккө айланып барат. Айрыкча борбордук көчөлөрдө жана эл көп чогулган жайларда унаа коюу үчүн бош орун табуу кыйын. Бул айдоочуларды кошумча убакыт коротууга мажбур кылып, жол тыгындарын дагы күчөтүүдө.
Көпчүлүк аймактарда атайын унаа токтотуучу жайлары жетишсиз болгондуктан, унаалар жол жээктерине, тротуарларга же уруксат берилбеген жерлерге токтотулуп калууда. Мындай көрүнүш жөө жүргүнчүлөргө да, жалпы жол кыймылынын коопсуздугуна да терс таасирин тийгизип келет.

Таштанды жана тазалык көйгөйлөрү
Бишкекте тазалык маселеси шаар тургундарын түйшөлткөн орчундуу көйгөйлөрдүн бири болуп саналат. Айрым тургундардын коомдук тартипти сактабоосу, таштандыларды атайын жайларга эмес, туш келди ыргытуусу да буга кирет. Андан сырткары, түкүрүк маселеси да бар.
Акыркы күндөрү жааган нөшөрлүү жамгырлардын айынан борбор калаадагы арыктар бүтөлүп, айрым аймактарда суу каптоо учурлары көбөйдү. Бишкек шаарынын мэриясы бул абалды негизинен арык системаларына таштандылардын ташталышы менен байланыштырды. Муниципалитет шаар тургундарын жана конокторун тазалыкты сактоого, арыктарга таштанды ыргытпоого жана шаардык инфраструктурага аяр мамиле кылууга чакырды.

Эрежесиз айдоо жана жол маданиятынын төмөндүгү
Статистикалык маалыматтарга ылайык, Кыргызстанда акыркы 10 жылда 75 миң жол кырсыгы катталган. Бул жылдарда жол кырсыгынын айынан 9120 адам каза таап, дагы миңдеген киши жабыркаган. 2025-жылы 8456 авто кырсык катталып, андан 900 адам каза болуп, 12 миң 169 адам жаракат алган.
Мындан тышкары, жолдо бири-бирине сый мамиленин жетишсиздиги, айдоочулардын жаңжалдашуусу, тилке алмаштыруудагы тартипсиздик жол кырсыктарынын тобокелчилигин жогорулатат. Бул өз кезегинде шаардагы жалпы жол кыймылынын тартибин бузуп, тыгындардын көбөйүшүнө да түрткү берет.
Жогорудагы маселелерди чечүү аракеттери
Унаа тыгындары жана транспорт инфраструктурасын жакшыртуу
Бишкекте унаа тыгындарын азайтуу үчүн акыркы жылдары бир катар иштер жүргүзүлүүдө. Шаар бийлиги жол инфраструктурасын кеңейтүү жана негизги көчөлөрдү оңдоо иштерин ишке ашырып, тар көчөлөрдү кеңейтүү, кесилиштерди иретке келтирүү жана жаңы жол тилкелерин куруу аркылуу тыгындарды азайтууга аракет кылууда. 2026-жылы 119 чакырым жол куруу жана оңдоп-түзөө иштери пландалган.
Мындан тышкары, коомдук транспортту өнүктүрүү менен коомдук транспорт каттамдарын оптималдаштыруу жана электробустарды киргизүү жеке унаага болгон көз карандылыкты азайтууга багытталган.

Ошондой эле жол кыймылын жөнгө салуу үчүн жол чырактар жаңыртылып, айрым кесилиштерге “акылдуу светофорлор” орнотулууда.
Бүгүн Бишкек мэриясы жарыялаган шаардын 2050-жылга чейинки Башкы планына ылайык, шаарда коомдук транспортту өнүктүрүү максатында үч негизги система — темир жол, трамвай жана метробус киргизүү сунушталды. Бул долбоорлор шаардын ар кайсы багыттарын камтып, жүргүнчүлөрдү тез жана ыңгайлуу ташууну камсыздоого багытталган.
Темир жол жана трамвай линияларын куруу, иштеп жаткан станцияларды жана аялдамаларды жаңылоо, ошондой эле жаңы транспорттук түйүндөрдү түзүү каралууда. Ал эми метробус системасы негизги багыттарды жана маанилүү объекттерди байланыштырып, шаардагы транспорттук жүктөмдү азайтууга жардам берет.
Экология жана абанын булганышы
Бул көйгөйдү азайтуу үчүн бир катар маанилүү чаралар көрүлүүдө. Алсак, шаардагы унаа паркын акырындык менен газ жана электр энергиясына өткөрүү иштери жүрүп жатат. Мындан тышкары, коомдук транспортту экологиялык жактан таза болгон электробустар менен жаңылоо жана алардын санын көбөйтүүлүүдө.

Шаарды толук газдаштыруу иштери да этап-этабы менен кеңейтилүүдө. Калктуу конуштарды газдаштыруунун натыйжасында он миңдеген үй-бүлөлөр газ менен камсыз болду. Ошол эле учурда миңдеген үйлөрдүн отканалары көмүрдөн газга өткөрүлдү.
50 жылдан ашык түтөп жаткан таштанды полигону жоюлуп, Борбор Азияда таштандыларды кайра иштетүү аркылуу электр энергиясын өндүргөн биринчи ишкана курулду. Учурда ал өндүргөн электр энергиясы электр тармактарына кошулуп, жемишин берүүдө.
Жол коопсуздугу жана айдоочулук маданият
1-майдан 10-майга чейин өлкө аймагында 32 миң 972 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталган. Алардын катарында тийиштүү документтери жок унаа башкаруу, мас абалында рулга отуруу, автоээнбаштык, ылдамдыкты ашыруу, карама-каршы тилкеге чыгуу учурлары болгон.

Мындай жана башка маселелерди чечүү максатында “Коопсуз шаар” долбоорунун алкагында жана жол кыймылын көзөмөлдөө үчүн видеокөзөмөл камералары орнотулууда.
Мындан тышкары, айдоочулук күбөлүк берүү тартиби реформаланып, бул жааттагы иштер санариптештирилип жана көзөмөл күчөтүлдү. Коррупциялык тобокелдиктерди азайтуу үчүн адам факторун минималдаштырган автоматташтырылган система киргизилген. Ошондой эле талапкерлердин билим деңгээлин так баалоо максатында экзамендик суроолор жаңыртылып, жол эрежелерин билүүгө өзгөчө басым жасалууда.