Бишкек, 19.02.25. /Кабар/. Бишкектен Кербенге биринчи техникалык каттам аткарылды. Бул тууралуу "Кыргызстан аэропорттору" ААК башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн "Асман Эйрлайнс" мамлекеттик авиакомпаниясынын учагы Кербен аэропортуна конду. Ал эми коммерциялык каттамдар үстүбүздөгү жылдын 1-мартынан тартып аткарылат.
Белгилей кетсек, каттамдар ар ишемби күнү аткарылат.
Авиа билеттер asmanairlines.kg тиркемесинде жеткиликтүү.