М. Абдраев атындагы музыкалык мектеп-интернатына жаңы директор дайындалды — Кабар

М. Абдраев атындагы музыкалык мектеп-интернатына жаңы директор дайындалды

Кадрлар жана дайындоолор 24 сентябрь 2025 09:14
552544185_1093889949569427_410033363674308961_n.jpg
552334295_1093890236236065_2969206977249030215_n.jpg
550876334_1093890169569405_7280542070643910134_n.jpg
550905424_1093890039569418_1066611022441282053_n.jpg
552978475_1093889972902758_7558891339402899662_n.jpg
553427851_1093890189569403_5870223701269413819_n.jpg
553812475_1093890069569415_4877114125504862846_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги

Бишкек, 24.09.25 /Кабар/. Курмангалиев Жумакадыр Билалович Республикалык адистештирилген М. Абдраев атындагы музыкалык мектеп-интернатынын директору болуп дайындалды. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинен билдиришти.

Жумакадыр Курмангалиев 1962-жылы 9-сентябрда Нарын облусунун Ат-Башы айылында туулган. Ал Пржевальск мамлекеттик музыкалык колледжин (1979–1983), Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтун (1983–1992) бүтүрүп, кесиби боюнча хор дирижёру жана маданий агартуу иштери боюнча адис.

Өзүнүн эмгек жолун Ат-Башы райондук балдар музыкалык мектебинен баштап, көптөгөн жылдар бою маданият тармагында мугалим, жетекчи жана уюштуруучу адис болуп иштеген. Ар кандай жооптуу кызматтарда, анын ичинде Улуттук маданий борбордун директору, Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук музыкалык драма жана сатира театрынын директору катары үзүрлүү эмгектенген.

Ал композиторлор Р. Абдыкадыров менен Ж. Шералиевдин чыгармачылыгына арналган ири концерттик долбоорлорду, Ч. Айтматовдун 90 жылдыгына арналган мамлекеттик иш-чараларды, III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын, ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммитине байланышкан маданий программаларды жана башка көптөгөн республикалык жана эл аралык деңгээлдеги иш-чараларды ийгиликтүү уюштуруп өткөргөн.