Бишкек, 26.10.25. /Кабар/. Бишкек шаарынын Орозбеков көчөсүндө жайгашкан Көк-Сай базарынан өрт чыкты.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, өрт базардагы жыйылган тактайлар тутанган.
Тилсиз жоону өчүрүүгө жалпы 5 күжүрмөн эсеп жана штаб тартылып, жеринде иш алып барып жатат.
Кошумча маалымат берилет.