Бишкек, 21.07.25. /Кабар/. Бишкектеги бардык билим берүү мекемелеринде жаңы окуу жылына карата даярдыктар жүрүүдө. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментинин директору Рахат Мусаева билдирди.
Анын айтымында, бир катар мектептерде Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан капиталдык оңдоо иштери аткарылууда.
"Мэрия, Билим берүү башкармалыгы, акимчилик тарабынан тынымсыз текшерүү иштери жүрүп жатат. Кетирилип жаткан кемчиликтер, оңдоп-түзөөгө байланышкан маселелер боюнча жетекчилерге тапшырмалар жана сунуштар берилүүдө. Бул иштер окуу жылы башталгычакты уланат", - деди ал.
Рахат Мусаева белгилегендей, Бишкек шаарында жалпысынан 120 мектеп, 118 бала бакча жана 6 балдар чыгармачылык борбору бар.