Бишкектеги №62 мектепте жаңы спорт аянтчасы курулууда. Кандай шарттар түзүлөт?

Коом 4 июль 2025 15:44
b731bbda-c0ec-448a-aad7-309b8e615635.jpg
029d2b20-ea9f-4d2a-aba4-6cd7af7824d0.jpg
bfbd4b5e-2bcb-4c76-9449-d334988cc428.jpg
68baa3b0-71e0-480d-a585-4d04ef7d22e1.jpg
29704b3e-edae-4426-adbb-2184771b5c85.jpg
81229135-ae60-49b8-aa6b-5c138148788a.jpg
e02508dc-9467-4f06-8e0b-71cbdcfa7b36.jpg
abdaf092-02ec-4a80-bb1a-b4a6a120c176.jpg
94d8b8f9-9315-4d80-9b9e-a5edfd8ad909.jpg
6bbe9040-a4bf-4a86-9fe0-c0b114799d56.jpg
08438ff3-5798-4cac-98bb-017d1c175b6e.jpg
7143f00e-e970-4a8b-af94-e51bb4a772a9.jpg
ef206077-e3e4-422b-b81c-7e074c6325c3.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon KABAR Асыл Нурбек кызы

Бишкек, 04.07.25. /Кабар/. Бишкек шаарындагы №62 мектептин аймагында жаңы спорт аянтчасынын курулушу уланып жатат. Курулуш иштери 2024-жылдын 28-августунда башталып, шаардык бюджеттин эсебинен жүргүзүлүүдө.

Бишкек мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынан билдиришкендей, стадиондун аймагына 3500 чарчы метр газон төшөлүп, автоматташтырылган суугаруу системасы орнотулат. Сугат суусу Ала-Арча дарыясынан алынган техникалык суу менен толтурулган резервуардан келет — таза ичүүчү суу колдонулбайт.

Долбоордо ошондой эле төмөнкү объекттер каралган:

— жумшак резиналуу каптамадагы чуркоо жолдору,

— воркаут аймагы,

— балдар аянтчасы,

— футбол, баскетбол жана волейбол аянтчалары.

Ошондой эле мектеп иш-чараларына арналган имараттар курулуп, түнкү жарыктандыруу тутуму орнотулууда.

Учурда курулуш иштери уланып жатат. Үч негизги спорттук аянтча — футбол, баскетбол жана волейбол аянтчалары — акыркы баскычка келип калган: Негизги элементтер орнотулган, бирок айрым монтаж жана жасалгалоо иштери уланууда.

Мэриянын маалыматына караганда, объект учурда 75%га даяр. Стадионду 31-августта пайдаланууга берүү пландалган.

Асыл Нурбек кызы