Бишкектеги №54 мектепке кошумча окуу имараты курулду

Коом Жүктөлүүдө... 26 Февраль 2025 17:33
481229321_1141841557414892_7985388614514474852_n.jpg
480736198_1141841570748224_6627074703556025211_n.jpg
481044419_1141841590748222_244536055074936346_n.jpg
481178410_1141841214081593_4156205875056915930_n.jpg
Алдыга
Артка
481229321_1141841557414892_7985388614514474852_n.jpg
480736198_1141841570748224_6627074703556025211_n.jpg
481044419_1141841590748222_244536055074936346_n.jpg
481178410_1141841214081593_4156205875056915930_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги

Бишкек, 25.02.25. /Кабар/. Бишкек шаарындагы №54 мектептин кошумча окуу имаратынын курулушу аяктады. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, имараттын курулушу 2019-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталып, тендердик наркы 68 млн сомду түзгөн.

Жаңы эки кабаттуу окуу корпусунда заманбап окуу жана лабораториялык класстар, мугалимдер бөлмөсү, ашкана, дарыгердин кабинети, ошондой эле кыздар жана балдар үчүн эмгек кабинеттери каралган. Жаңы корпустун жалпы аянты 1610 чарчы метрди түзөт.

Бул долбоор окуучулар үчүн ыңгайлуу жана заманбап шарттарды түзүү менен билим берүү сапатын жакшыртууга өбөлгө болот. Бишкек шаарындагы билим берүү инфраструктурасын өнүктүрүүдө маанилүү кадам болуп эсептелет.