Бишкек, 12.05.25. /Кабар/. Мэрия жолдорду оңдоп-түзөө иштерин тез арада бүтүрүүгө аракет кылууда, бирок түнкүсүн иштөө мыйзамдын талабы менен чектелген. Бул тууралуу Биринчи радионун түз эфиринде Бишкек мэриясыныннин Транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинин башкы адиси Азамат Осмоналиев билдирди.
«Биз да, подрядчылар да күнү-түнү иштеп, жолдорду оңдоону тезирээк бүтүрүүгө кызыкдарбыз», - деп белгиледи ал.
Бирок анын айтымында, түнкү ызы-чуу менен иштөөгө чектөө койгон тынчтык мыйзамы бар.
"Мисалы, Жаш Гвардия бульварынын эки тарабында эл жашайт. Оор техника жана фрезер менен жумушту тынч жүргүзүү мүмкүн эмес. Шаар тургундарынын тынчтыгы маанилүү, ошондуктан биз эртең мененден кечке чейин — уруксат берилген убакытта иштейбиз", — деп түшүндүрдү Осмоналиев.
Учурдагы эрежелерге ылайык, тургундардын эс алуу укугун камсыз кылуу үчүн турак жайлардын жанындагы курулуш иштери кечке чейин бүткөрүлүшү керек.