Бишкекте жол куруу жана оңдоо иштери планга ылайык жүрүүдө – адис

Коом Загрузка... 12 Май 2025 17:19
161766.jpg
copyright icon www

Бишкек, 12.05.25. /Кабар/. Бишкек шаарында жол куруу жана кайра оңдоо иштери пландык тартипте уюштурулуп жатат. Бул тууралуу "Биринчи радионун" эфиринде Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү департаментинин башкы адиси Азамат Осмоналиев билдирди.

Анын айтымында, учурда Чүй проспектиси Абдрахманов көчөсүнөн баштап, Ибраимов көчөсүнө чейин жабылган. Ошондой эле Медеров, Юнусалиев жана Панфилов көчөлөрүндө жол куруу жана оңдоо иштери уланууда. Мындан тышкары, Жаш Гвардия бульварынын батыш бөлүгүндөгү жол иштери толугу менен аяктап, жол ачылды. Учурда бульвардын чыгыш тарабында курулуш иштери жүрүүдө.

Азамат Осмоналиев 2025-жылдагы жолдорду оңдоп-түзөө боюнча пландар менен бөлүштү. Белгилүү болгондой, Бишкек шаарынын 8 борбордук жолун реабилитациялоо иштери башталган, алардын ичинен 3 жолдо реконстуркция иштери активдүү жүрүп жатат.

Быйыл төмөнкү көчөлөрдү реабилитациялоо пландалууда:

- Лев Толстой көчөсү — Калык Акиев көчөсүнөн Ибраимов көчөсүнө чейин;

- Москва көчөсү — Жаш Гвардия бульварынан Фучик көчөсүнө чейин;

- Ахунбаев көчөсү — Жукеев-Пудовкин көчөсүнөн 7-Апрель көчөсүндөгү айланма жолго чейин;

- Курманжан датка көчөсү — Чүй проспектисинен Жибек Жолу проспектисине чейин. Азыркы учурда аталган тилкеде “Бишкекжылуулуктармагы” ишканасы тарабынан түтүктөрдү алмаштыруу иштери жүрүп жаткандыктан, жол оңдоо иштери августтун аягында башталары пландалууда.

- Шабдан баатыр көчөсү — Лермонтов көчөсүнө чейин.

Төмөнкү даректе жаңы жол куруу пландалууда:

- Токтоналиев көчөсү — Абсамат Масалиев проспектисинен Чыңгыз Айтматов проспектисине чейин, Молодежный кварталы аркылуу өтөт.

Ошондой эле үч жаңы жолду куруу боюнча изилдөө жана долбоорлоо иштери жүрүүдө:

- Сухэ-Батор көчөсү — 7-Апрель көчөсүнөн Ауэзов көчөсүнө чейин;

- Ахунбаев көчөсү — Достоевский көчөсүнөн Ауэзов көчөсүнө чейин;

- Ауэзов көчөсү — Анкара көчөсүнөн Сухэ-Батор көчөсүнө чейин.

Белгиленгендей, жолдорду оңдоп-түзөө иштери белгиленген убактан эрте аяктап жатат.

Эске салсак, Медеров көчөсү май айынын аягында, ал эми июлдун башында Жибек Жолу проспектисин ачуу пландалууда.