Бишкекте Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого даярдык көрүү маселеси талкууланды

Министрлер кабинети 29 Октябрь 2025 17:04
6901df84cb793-thumb.jpg
6901df83a1c18-thumb.jpg
6901df83a2a5f-thumb.jpg
6901df840c9ba-thumb.jpg
6901df845a81e-thumb.jpg
6901df845c070-thumb.jpg
6901df849a1f8-thumb.jpg
6901df849b343-thumb.jpg
6901df840218d-thumb.jpg
Алдыга
Артка
6901df84cb793-thumb.jpg
6901df83a1c18-thumb.jpg
6901df83a2a5f-thumb.jpg
6901df840c9ba-thumb.jpg
6901df845a81e-thumb.jpg
6901df845c070-thumb.jpg
6901df849a1f8-thumb.jpg
6901df849b343-thumb.jpg
6901df840218d-thumb.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 29.10.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону даярдоо жана өткөрүү боюнча уюштуруу-техникалык маселелерди чечүүдө шайлоо комиссияларына көмөк көрсөтүү максатында республикалык штабдын жыйынын өткөрдү.

Жыйындын жүрүшүндө Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасы Тынчтык Шайназаровдун жана тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаевдин баяндамалары угулду.

Белгиленгендей, Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоодо мекендештер добуш берүүсү үчүн 34 чет мамлекетте 100 шайлоо участогу ачылат.

Тийиштүү мамлекеттик органдар бир катар шаарларда тиешелүү даярдык иштерин жүргүзүп, адистерди окутуп, техникалык жабдууларды сыноодон өткөрүүдө. Мындан тышкары, эл аралык байкоочуларды чакыруу жана катышуу аракеттери жүрүп жатат.

Жыйында ошондой эле шайлоо процессине даярдыктар боюнча жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн маалыматтары угулду.

Минкаб төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоону сапаттуу уюштуруунун маанилүүлүгүн белгиледи.

"Алдыдагы шайлоо өлкөбүздүн демократиялык өнүгүүсүнүн маанилүү этабы. Учурда жүз миңдеген мекендештерибиз чет өлкөлөрдө иштеп, жашап жатышат. Алардын ар бири Кыргызстандын жараны катары өз добушун берүүгө жана өлкөбүздүн өнүгүшүнө салым кошууга укуктуу. Ошондуктан, алардын шайлоого катышуусун камсыз кылуу мамлекеттин түздөн-түз милдети. Биздин негизги максатыбыз - шайлоону ачык, мыйзамдуу, коопсуз өткөрүү. Ар бир жарандын добушу саналып, ар бир шайлоо участкасынын иши жогорку деңгээлде уюштурулушу маанилүү", - деди Данияр Амангелдиев.

Жыйындын соңунда тиешелүү мамлекеттик органдарга бир катар тапшырмалар берилди.