Бишкек, 28.04.25. /Кабар/. Бишкекте жогорку чыңалуудагы көмөк чордондорунда реконструкциялоо иштери жүрүүдө.
Энергетика министрлигинин маалыматына караганда, 110/35/10-6 кВ кубаттуулуктагы "Ново-Южная" көмөк чордонунда энергетиктер эски жабдууларды жаңылап, жаңы заманбап вакуумдук өчүргүчтөрдү орнотууда. Мындан тышкары, жаңы ячейкаларга жабдууларды өткөрүү иштери жүрүүдө, ал эми эски жабдуулар алынып, трансформатор жабдыктарына орун даярдалып жатат.
- 35/6 кВ кубаттуулуктагы «Энергострой» көмөк чордонунда жаңы 6 кВ сырткы орнотмодогу комплекттик бөлүштүрүүчү жабдууну (КРУН) орнотуу иштери аяктады. Адистер күч трансформатордун ордун даярдап, 35 кВ чыӊалуудагы ачык бөлүштүрүүчү түзүлүштөрдүн (ОРУ) жабдыктарын капиталдык оңдоодон өткөрүштү жана көмөк чордондун аймагын жаңы тосмо менен тосушту.
- 110/35/6 кВ кубаттуулуктагы “Промышленная” көмөк чордонунда май өчүргүчтөрү заманбап вакуумдук өчүргүчтөрүнө алмаштырылууда.
- 220/110/10 кВ кубаттуулуктагы «Главная» көмөк чордонунда 1968-жылы орнотулган эски электромеханикалык релелик коргоо жана автоматика панелдери заманбап санариптик панелдерге алмаштырууда.