Жер алдындагы өтмөктүн курулушуна байланыштуу Чүй проспектисинин бир бөлүгү убактылуу жабылды

Коом Загрузка... 12 Май 2025 12:00
copyright icon www

Бишкек, 12.05.25. /Кабар/. Чүй проспектисинин Абдрахманов көчөсүнөн Ибраимов көчөсүнө чейинки бөлүгү унаа кыймылы үчүн толугу менен жабылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Чүй проспектиси менен Шопоков көчөсүнүн кесилишине жер астындагы жөө адамдар өтүүчү өтмөк жана унаа токтотуучу жай куруу боюнча масштабдуу долбоорду ишке ашыруу иштери башталды.

Курулуштун жүрүшүндө айрым автобустук каттамдардын кыймыл схемасы өзгөрөт:

- Ж.Абдрахманов көчөсү менен Ибраимов көчөсүндөгү № 7, 34, 38, 166-маршруттук каттамдар Жумабек көчөсүнө которулат;

- Абдрахманов көчөсүнөн жана Ибраимов көчөсүндөгү № 5, 11, 16, 21, 25, 36, 50, 104, 129, 135, 152, 169, 216, 222, 227 жана 254-маршруттук каттамдар Киев көчөсүнө которулат.

Мындан тышкары, Киев көчөсүнүн Ибраимовдон Ж. Абдрахманов көчөсүнө чейин убактылуу эки тараптуу болот. Ошондой эле светофордун цикли транспортко туураланып, бул жол тыгындарын азайтууга жардам берет.

Белгилей кетсек, реконструкция иштеринин жүрүшүндө Чүй проспектисинен Ибраимов көчөсүнө чейин түштүк тарапка бурулууга уруксат берилген.