Бишкекте тургундар спорт аянтчасынын абалына даттанышкан. №7 МАБ жооп берди

Коом 23 май 2025 15:14
2f927ad5-a000-45de-bc5a-d58e9a8bc2c3.jpg
5ab2b56e-5f1d-4c03-8993-70d07b2bc4cf.jpg
24ece4bb-c46b-48c2-9ffd-21c0dc4e2301.jpg
46f42236-ca68-40ee-a852-45ee3b6794fb.jpg
d71a4325-61e2-4f46-bbdc-9ae93387d87f.jpg
efbf3f62-6671-4c68-850e-edba226f1ddc.jpg
f3fb4429-d987-4aba-b57e-cee57d8a1149.jpg
Алдыга
Артка
2f927ad5-a000-45de-bc5a-d58e9a8bc2c3.jpg
5ab2b56e-5f1d-4c03-8993-70d07b2bc4cf.jpg
24ece4bb-c46b-48c2-9ffd-21c0dc4e2301.jpg
46f42236-ca68-40ee-a852-45ee3b6794fb.jpg
d71a4325-61e2-4f46-bbdc-9ae93387d87f.jpg
efbf3f62-6671-4c68-850e-edba226f1ddc.jpg
f3fb4429-d987-4aba-b57e-cee57d8a1149.jpg
Алдыга
Артка

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 23.05.25 /Кабар/. “Асанбай” кичи районунда жайгашкан футбол жана баскетбол аянтчаларынын абалына байланыштуу “Асанбай” жана 6-кичи райондордун жашоочулары даттанышты.

Алардын айтымында, жайкы каникул башталгандыктан, балдар спорт менен машыгып, ойной албайт. Аталган райондо спорт аянтчасы болгону менен кароосуз калган, жарыктандырылган эмес. Футбол талаасына төшөлгөн асфальт эскирген.

“Балдар эч жакта ойной албайт, атайын аянтчада шарт түзүлгөн эмес, спорт аянтчасы каралбай калгандыктан, ичимдик ичкендер гана чогула турган жерге айланды”, - деп даттанышты жашоочулар.

Алар өз кайрылуусунда белгилешкендей, өлкө жетекчилиги балдардын сергек жашоого умтулушуна аракет көрүп, футбол талаалары жана спорт аянтчалары курулууда, ал эми райондук администрациялар спорт аймактарын карабай, балдар спорт менен машыга албай жүрөт.

“Кабар” агенттиги аталган спорт аянтчасы жайгашкан №7 муниципалдык аймактык башкармалыкка комментарий алуу үчүн кайрылды.

№7 МАБдын жетекчиси Жолдошбек Абдыкалыков спорт аянтчасын жакшыртууга каражат жок экендигин, футбол талаасынын катмарын жаңыртууга демөөрчүлөрдү издеп жатышканын айтты.

“Бүгүн-эртең аянтча жарыктандырылат. Ал үчүн биз билдирме жөнөткөнбүз “, - деди ал.

Ошондой эле Абдыкалыков аянтча тазаланганын, саналуу күндө балдар ойноп баштайт деп кошумчалады.