Бишкек, 22.09.26. /Кабар/. Бишкекте Тоголок Молдо атындагы скверди реконструкциялоо жана көрктөндүрүү иштери аяктады. Бул тууралуу борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев маалымдады.
Анын айтымында, скверди көрктөндүрүү иштери президент Садыр Жапаровдун колдоосу жана демөөрчүлөрдүн катышуусу менен жүргүзүлгөн.

Маалыматка ылайык, жашыл аймак калыбына келтирилип, автоматтык сугаруу системасы жаңыртылды, газондор жана бак-дарактар иретке келтирилди. Ошондой эле эс алуу жайлары, балдар аянтчалары түзүлүп, машыгуучу жабдуулар жана воркаут элементтери менен спорттук аймакты өнүктүрүү пландалууда.
Мындан тышкары, үй жаныбарларын сейилдетүү үчүн өзүнчө аянтча уюштуруу каралууда. Сквердин аймагында "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери үчүн экологиялык үй да курулган.