Бишкекте ТМУга мүчө-мамлекеттердин өкмөт башчыларынын жолугушуусу өтөт

Министрлер кабинети Загрузка... 16 Сентябрь 2025 13:03
1087107348_457_0_3188_2048_1920x0_80_0_0_086f0b84af5a1848ac76ca9308b66453.jpg
copyright icon WWW

Бишкек, 16.09.25 /Кабар/. Бишкекте 18-сентябрда Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө-мамлекеттердин өкмөт башчыларынын жолугушуусу өтөт.

Жолугушууга Азербайжадын премьер-министри Али Асадов, Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов, Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, Түркиянын вице-президенти Жевдет Йылмаз, Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов катышат жана Түрк мамлекеттер уюмунун башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев катышат. 

Жолугушуунун жүрүшүндө артыкчылыктуу багыттарда: экономика, соода, инвестиция, транспорт, санариптештирүү, энергетика, айыл чарба жана башка тармактарда кызматташуу, ошондой эле аны мындан ары бекемдөө үчүн Түрк мамлекеттер уюмунун ишмердүүлүгүнүн механизмдерин жакшыртуу маселелери талкууланат.