"Тазалык" ишканасынын кызматкерин унаа сүзүп каза болду

Кырсык Загрузка... 02 Декабрь 2025 10:28
copyright icon Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгы

Бишкек, 02.12.25. /Кабар/. Бишкекте тазалоо иштерин жүргүзүп жаткан "Тазалык" муниципалдык ишканасынын кызматкерин унаа сүзүп каза болду. Бул тууралуу Бишкек шаардык Милициянын кайгуул кызматы башкармалыгынан билдиришти.

Ведомствонун маалыматына караганда, жол кырсыгы 26-ноябрда саат 07:05те Боталиев жана Кызыл-Кыя көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Унаа "Тазалыктын" кызматкери өзүнүн аймагын тазалоо иштерин жүргүзүп жатканда сүзгөн.

"Тилекке каршы жаракат алган жаран 27-ноябрда саат 06:40та Улуттук госпиталда эсине келбей каза болду", - деп билдиришти милициядан.

Кызматкерлер жол кырсыгына шектүү айдоочуну табышып, ал 1989-жылы туулган Т.А. болуп чыкты. Учурда айдоочу убактылуу кармоо жайына киргизилип, иликтөө иштери жүрүп жатат.