Бишкекте суу менен камсыздоо жана суу ресурстарын башкаруунун алдыңкы технологиялары талкууланууда

Бишкектеги иш-чаралар 20706 27 Май 2025 12:48
IMG-20250527-W_biVEYfl.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
IMG-20250527-W_qjoIUV4.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
IMG-20250527-W_4Nc9FEp.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
IMG-20250527-W.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp
Алдыга
Артка

copyright icon Элчилик

Бишкек, 27.05.25./ Кабар/. Бишкекте Венгриянын Кыргызстандагы элчилиги тарабынан уюштурулган венгер-кыргыз суу технологиялары форуму өтүүдө.

Уюштуруучулардын айтымында, иш-чара суу технологиялары жана суу чарба тармагында иштеген венгриялык жана кыргыз компанияларынын ортосундагы өнөктөштүк байланыштарды бекемдөө жана тажрыйба алмашуу үчүн маанилүү аянтча болот.

Форум суу секторун өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерине жана келечегине багытталган.

Ага катышуу үчүн Кыргызстанга суу менен камсыздоо жана суу ресурстарын башкаруу жаатындагы алдыңкы технологияларга адистешкен алты алдыңкы венгриялык компания келди. Алар өлкөнүн тиешелүү министрликтердин, мекемелердин жана суу сектору тармагындагы ишканалардын өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрүшөт.

Иш-чарада катышуучулар биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Ошондой эле тараптар мыкты тажрыйбалар менен алмашышат жана региондогу суу секторун туруктуу өнүктүрүүгө өбөлгө болуучу инновациялык чечимдерди карашат.