Бишкек, 07.07.25. /Кабар/. Бишкек шаарында 5-июлдан 13-июлга чейин 15 жашка чейинки жана 20 жашка чейинки спортчулар арасында (U15 & U20) күрөш боюнча Азия чемпионаты өтүүдө.
Бишкек мэриясынан билдиришкендей, мелдештер «Бишкек Арена» спорттук комплексинде өтүп жатат.
Турнирге Азия континентиндеги эң мыкты жаш балбандар катышууда. Чемпионаттын программасында үч олимпиадалык түр бар: грек-рим, эркин жана кыз-келиндер күрөшү.
Мелдештер 9 күнгө созулат, ар күнү финалдык беттештер өткөрүлөт.
Чемпионат жаштар спортун өнүктүрүүгө чоң салым кошуп, Азия өлкөлөрүнүн ортосунда тажрыйба алмашууга жана күрөш спортунун өсүшүнө түрткү болот.