Бишкек, 10.04.26. /Кабар/. Бишкек шаарында Балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинин көп функционалдуу спорт комплекси ачылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, эки кабаттан турган имаратта машыгуу үчүн бардык шарттар каралган.
Имараттын бекемдигин, энергияны үнөмдөөнү жана узак мөөнөттүү пайдаланууну камсыз кылуу максатында курулушта заманбап технологиялар колдонулду.
Иш-чарада мэр Айбек Жунушалиев спорттук инфраструктураны өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.
“Дене тарбия жана спортту өнүктүрүү биздин артыкчылыктуу багыттарыбыздын бири. Биз Бишкек шаарынын ар бир тургуну, жаш курагына карабастан, заманбап жана коопсуз шарттарда спорт менен машыга алышы үчүн бардык шарттарды түзүп жатабыз. Узак жылдар бою мектептин өзүнүн базасы болгон эмес. Ошондуктан азыр заманбап шарттар жана толук кандуу инфраструктура түзүлүп жатканы өзгөчө маанилүү. Бул комплекстин ачылышы — балдар жана жаштар үчүн өнүгүү мейкиндиги, массалык спортту колдоо жана шаардын келечегине салым”, - деди мэр.
Бүгүнкү күндө Балдар-өспүрүмдөр спорт мектебинде футбол, волейбол, баскетбол, шайбалуу хоккей, гандбол жана бадминтон боюнча машыгуулар өтөт. 108 окуу-машыгуу топторунда 1600дөн ашык спортчу машыгат.