Бишкекте ШКУ өлкөлөрүнүн саламаттык сактоо министрлеринин кеңешмеси өтүүдө

ШКУ 4003 20 Апрель 2026 13:06
676493340_1295805145882822_7096467536021269915_n.jpg
677275929_1324646342868491_793351362653057781_n.jpg
672341605_2820226741660286_8076115997043258904_n.jpg
674534631_963210142961614_6665432472637142843_n.jpg
676852848_1694304598594319_6664105108372659030_n.jpg
677955156_1302510501771259_1675733490304311461_n.jpg
672346443_1656943832011050_2385212128099212010_n.jpg
673953133_3018051741723866_5997647363493322288_n.jpg
Алдыга
Артка
676493340_1295805145882822_7096467536021269915_n.jpg
677275929_1324646342868491_793351362653057781_n.jpg
672341605_2820226741660286_8076115997043258904_n.jpg
674534631_963210142961614_6665432472637142843_n.jpg
676852848_1694304598594319_6664105108372659030_n.jpg
677955156_1302510501771259_1675733490304311461_n.jpg
672346443_1656943832011050_2385212128099212010_n.jpg
673953133_3018051741723866_5997647363493322288_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Саламаттык сактоо министрлиги

Бишкек, 20.04.26. /Кабар/. Бишкекте ШКУга мүчө мамлекеттердин саламаттык сактоо министрлеринин IX кеңешмеси өтүүдө. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Жылдыз Таалайбек кызы, ШКУнун башкы катчысынын орун басары Хан Сухэль, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Европа регионалдык бюросунун директору доктор Ханс Клюге, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун өкүлдөрү, ошондой эле саламаттык сактоо министрлери жана министрлердин орун басарлары баштаган ШКУга мүчө мамлекеттердин делегациялары катышууда.

Жылдыз Таалайбек кызы Кыргызстан саламаттык сактоо тармагын реформалоого өзгөчө көңүл буруп жатканын белгиледи.

Анын айтымында, бул багытта алгачкы медициналык-санитардык жардамды өнүктүрүү, кадрдык ресурстарды чыңдоо, инфраструктураны жакшыртуу жана санариптик чечимдерди киргизүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө.

“Жогорку Кеңеш мыйзам чыгаруучу орган катары жарандардын социалдык жашоосун жакшыртууга багытталган мыйзам долбоорлорун иштеп чыгып, кабыл алууда. Айрыкча коомдук саламаттыкты жакшыртууга жана оорулардын алдын алууга багытталган демилгелер колдоого алынууда”, - деп белгиледи ал.

Кеңешменин алкагында саламаттык сактоону өнүктүрүүнүн негизги багыттарын, анын ичинде оорулардын алдын алуу жана калктын ден соолугун башкаруу боюнча мамлекеттик саясатты, дарылоону уюштуруу маселелерин жана медициналык жардам көрсөтүү системаларынын туруктуулугун, ошондой эле тармакты санариптик трансформациялоону талкуулоо пландалууда.

Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов биргелешкен аракеттер менен саламаттык сактоо системаларынын туруктуулугун чыңдап, санариптик чечимдерди кеңейтилерин айтты.

“Кыргызстан үчүн ШКУга төрагалык кылуу — бул бир гана жогорку сыймык эмес, ошондой эле саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү заманбап чакырыктарга жооп берген практикалык күн тартибин калыптандыруудагы чоң жоопкерчилик. Бүгүнкү күндө дүйнө жаңы эпидемиологиялык коркунучтарга, климаттык өзгөрүүлөргө жана кадрдык чакырыктарга туш болуп жаткан учурда, биздин кызматташтыгыбыз өзгөчө актуалдуу болууда", - деди ал.

Белгиленгендей, жолугушуунун жыйынтыгы боюнча бирдиктүү мамилелерди иштеп чыгуу жана саламаттык сактоо тармагында ШКУга мүчө мамлекеттердин кызматташтыгын андан ары өнүктүрүү күтүлүүдө.