Бишкекте шаар куруу маселеси эксперттердин катышуусунда талкууланды

Коом Загрузка... 18 Июль 2025 17:10
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Кабар

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 18.07.25. /Кабар/. Бишкекте Royal Central Park комплексинин долбоорунун артыкчылыктары тааныштырылды. Иш-чарага долбоорду ишке ашырып жаткан RCA Living компаниясынын өкүлдөрү, тармактык эксперттер, туруктуу өнүгүү боюнча адистер, урбанисттер катышты.

Анда алар шаарды туруктуу өнүктүрүү жана долбоорлоо, пландаштыруу боюнча өз көз караштарын ортого салышты. Иш-чара “15 мүнөттүк шаар” темасында өтүп, катышуучулар кыялындагы шаар тууралуу ой-пикирлерин да айтууга жетишти.

Royal Central Park комплексинин долбоорун ишке ашырып жаткан Rox Living Global`дын инвестиция жана кыймылсыз мүлк чөйрөсүндө продуктуларды өнүктүрүү боюнча департаментинин директору Ву Тхань Конг “Кабар” агенттигине билдиргендей, мына ушундай диалогдорду уюштуруу аркылуу долбоордун алкагында пландаштыруу жана өнүгүүнүн жаңы моделдери боюнча сунуштар пайда болот. Анын баары адамдардын кыялындагыдай шаар келечегин түзүүгө багытталат.

WhatsApp Image 2025-07-18 at 17.05.18.jpeg

“Royal Central Park комплексин курууда биз жаңы моделдерди колдонобуз. Адамдарга бул долбоордун баалуулугун жана артыкчылыктарын таныштыруу үчүн биз ушундай иш-чараларды өткөрүп жатабыз. Алдыда дагы дал ушундай жолугушуулар болот. Бүгүнкү диалогубуз экинчиси. Буга чейинки форумда шаарды жашылдандыруу зарылдыгы боюнча пикирлер айтылган. Биз Royal Central Park турак жай комплексин курууда жашыл аймактарды көбүрөөк кылууну чечтик. Аянты жагынан эң чоң парк пайда болот.

Бул жолку иш-чарабыз “15 мүнөттүк шаар” аталышында өтүп жатат. Шаар тургундары менен биз комплекстен чыкпай ооруканага, мектептке, бала бакчага, соода борборлоруна жана башка бардык зарыл делген жайларга 15 мүнөттө гана жете алуу мүмкүнчүлүгүн карайбыз. Ошондой эле биз долбоордо көрсөткөндөй, жашоочуларга эң ыңгайлуу шарттарды түзүп берүүнү пландаганбыз”, - деди компаниянын өкүлү.

Белгилей кетсек, Royal Central Park мурдагы "Ак-Кула" ат майданынын ордуна курулууда. Көп функционалдуу ири турак жай комплексинин жалпы аянты 53,5 гектарды түзөт. Мында 23 миң батир, кеңселер жайгаша турган 55 кабаттуу мунара, аянты 45 миң чарчы метрди түзгөн соода борбору, 3 мектеп, 3 бала бакча, оорукана жана 25 миң орунга ылайыкталган унаа токтоочу жай курулат, миңдей жумуш оруну түзүлөт. Ошондой эле жалпы аянты 11 гектарды ээлеген сейил бак жана жасалма көл орун алмакчы.

RCA Living бул долбоорун ишке ашыруу үчүн 2,5 млрд доллардан 3,5 млрд долларга чейин инвестиция саларын айткан.