Бишкекте "Санарип дыйкан - 2025" айыл чарба форуму уланууда

Коом 976 04 Апрель 2025 11:54
photo_5440846480626805093_y.jpg
photo_5440846480626805104_y.jpg
photo_5440846480626805107_y.jpg
photo_5440846480626805103_y.jpg
photo_5440846480626805102_y.jpg
photo_5440846480626805101_y.jpg
photo_5440846480626805097_y.jpg
photo_5440846480626805096_y.jpg
photo_5440846480626805094_y.jpg
Алдыга
Артка
photo_5440846480626805093_y.jpg
photo_5440846480626805104_y.jpg
photo_5440846480626805107_y.jpg
photo_5440846480626805103_y.jpg
photo_5440846480626805102_y.jpg
photo_5440846480626805101_y.jpg
photo_5440846480626805097_y.jpg
photo_5440846480626805096_y.jpg
photo_5440846480626805094_y.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги

Бишкек, 04.04.25. /Кабар/. Бишкекте "Санарип дыйкан - 2025" форумунун экинчи күнү өтүп жатат. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, форумдун алкагында айыл чарбасынын заманбап технологияларынын демонстрациялык көргөзмөсү өтүп жатат. 

Бүгүн форумдун экинчи күнүндө төмөнкү тармактар каралууда:

  • тоют даярдоонун заманбап ыкмалары;
  • суу үнөмдөөчү технологиялар; 
  • комплекстүү  жер  семирткичтерди өндүрүү тармагындагы инновациялык технологиялар;
  • жайыттарды жана айыл чарба жерлерин коргоо;
  • KLASS айыл чарба техникасын колдонуудагы заманбап санариптик чечимдер;
  • өсүмдүктөрдү тамчылатып сугаруу аркылуу азыктандыруу;
  • сүт багытындагы мал чарбасында санариптик технологиялар.

Ошондой эле иш-чарада дыйкан-фермерлер көргөзмөдө айыл чарбасындагы санариптик революциянын бир бөлүгү болгон алдыңкы технологиялар менен таанышып, аны колдонуунун жана кандай жол аркылуу сатып алып пайдаланса болоору тууралуу кеңири маалымат алышты.

Белгилей кетсек, бул форум – дыйкан-фермерлер үчүн айыл чарбасын санариптештирүүнүн жана агроөнөр жай комплексине инновациялык технологияларды киргизүүнүн дүйнөлүк тенденциялары, ошондой эле айыл чарба техникасынын жаңы моделдери менен таанышуу үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк.