Бишкекте оор атлетика боюнча республикалык турнир өтүүдө

Спорт 13 Июль 2025 12:10
517760015_754289176944302_4443399713129841589_n.jpg
518292025_754289283610958_8591683340337877855_n.jpg
Алдыга
Артка
517760015_754289176944302_4443399713129841589_n.jpg
518292025_754289283610958_8591683340337877855_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги

Бишкек, 13.07.25. /Кабар/. Күн мурун Бишкектеги “Газпром-балдарга” дене тарбия-ден соолукту чыңдоо спорт комплексинде Кыргыз Республикасынын спорт чебери Митал Шариповдун жаркын элесине арналган жаш балдар жана кыздар арасында оор атлетика боюнча республикалык турнирдин салтанаттуу ачылды.

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, иш-чара Кыргызстандын жети дубанынан келген катышуучулардын парады менен башталды.

Ачылыш аземинде Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Айбек Абдымомунов сөз сүйлөп, турнирге катышкан бардык жаш спортчуларга ийгилик каалап, оор атлетика боюнча Кыргыз Республикасынын спорт чебери Митал Шариповдун ысымы улуттук спорт тарыхында унутулбай турганын белгилеп, мындай турнирлерди өткөрүү улантыларын билдирди.

Белгилей кетсек, турнир оор атлетика боюнча эл аралык эрежелерге ылайык өтүүдө.

  • Балдар 49 кг, 56 кг, 60 кг, 65 кг, 71 кг, 79 кг, 88 кг, 94 кг, 110 кг, +110 кг салмак чендеринде;
  • Кыздар 48 кг, 53 кг, 63 кг, 69 кг, 77 кг, +77 кг салмак чендеринде катышууда.

Республикалык турнир 14-июлда аяктайт.