Бишкек, 25.02.25. /Кабар/. Бишкекте мыйзамсыз акча алмаштырган эки жаранга айып салынды. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Улуттук банктын лицензиясы жок нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндүгү үчүн Кыргызстандын А.Б.Н., К.у.Т. аттуу эки жаранынын ар бирине 17 500 сом өлчөмүндө айып пул салынды.