Бишкек, 26.06.25. /Кабар/. Бишкекте Михаил Васильевич Фрунзенин мемориалдык үй-музейинин 100 жылдыгына арналган эл аралык илимий-практикалык конференция өтүүдө.
"Эскерүү маданияты жана маданияттагы эскерүү" аталышында өтүп жаткан конференция Кыргызстандын, Борбор Азия өлкөлөрүнүн жана Россиянын тарыхчылары, музей адистери, изилдөөчүлөрү жана мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү катышууда.
Конференциянын максаты – Михаил Фрунзенин ролун заманбап маданий эс тутумдун контекстинде кайра карап чыгуу жана саясий багыттагы музейлер жаңы муун үчүн актуалдуу бойдон кала берерин талкуулоо болду.
Катышуучулар маданий эскерүүлөрдүн калыптанышын, мында музейлер кандай роль ойной турганын, айрыкча саясий тарыхка арналган музейлер талкуулашууда. 20-кылымдагы окуяларга эбегейсиз таасир тийгизген жана жүз жылдан кийин да кызыгууну жаратып келе жаткан Михаил Фрунзенин инсандыгына өзгөчө көңүл бурулду.
Уюштуруучулардын айтымында, конференция музейдин ишинин жыйынтыгын чыгарууга гана эмес, тез өзгөрүлүп жаткан маданий жана маалымат мейкиндигинде аны андан ары өнүктүрүүнүн багыттарын аныктоого арналган.
Конференцияда Михаил Васильевич Фрунзени колбашчы катары гана эмес, кеңири көз караштагы мамлекеттик ойчул катары да кабыл алуу сунушталды. Фрунзенин алты тилди, анын ичинде кыргыз тилин дагы билгени жана жергиликтүү элита өкүлдөрү – манап жана байманаптар менен диалог түзө алгандыгы белгиленди.
Анын калыптанышында үй-бүлөлүк чөйрө чоң роль ойногон: шахмат, аңчылык, музыка стратегиялык ой жүгүртүүнү жана ар тараптуулукту өнүктүргөн.
Музейдин директору Кеңешбек Алмакүчүковдун пикиринде, мунун баары Фрунзенин жашоосунда чоң роль ойногон жана анын жашоо образы жаштарга түшүнүктүү жана кызыктуу. Себеби, ийгиликке жетүү үчүн эмне кылуу керек деген суроого жооп табылат.
"Музейдин иш багыттарынын бири кыргыз мамлекеттүүлүгүн калыптандырууда Фрунзенин ролун изилдөө болуп саналат", - деди ал.
Архивдик маалыматтарда ал Жусуп Абдрахманов менен Ишеналы Арабаевга Кара-Кыргыз автономиясын түзүүдө колдоо көрсөткөндүгү белгиленет. Азыркы учурда бул тууралуу изилдөөлөр жүрүп жатат.
Ошондой эле конференцияда жаш кыргызстандыктардын көз алдында музейди актуалдаштыруу маселеси көтөрүлдү. Бүгүнкү күндө көптөр Фрунзе атын көчөлөр жана дүкөндөр менен гана байланыштыргандыктан, музей бул маселени өзгөртүү милдетин коюп, бул суроону ачык айкын көтөрүүдө жана Фрунзенин атына маани жана мазмунду берүүнү шарттайт.
Директордун айтымында, музейдин имаратын сактоого да өзгөчө көңүл бурулат. "Бишкек шаарынын тарыхый образын сактап калган акыркы имараттардын бири болгон бул үйгө 150 жыл болду. Ал архитектуралык эстелик катары жана ошол доордун маданиятынын бир бөлүгү катары сакталышы керек", - деп белгиледи Алмакүчүков.
Асыл Нурбек кызы