Бишкекте мектеп рэкетчилиги, буллинг жана өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун алдын алуу маселеси талкууланды

Министрлер кабинети 2148 18 Февраль 2025 09:28
67b362998204e-thumb.JPG
67b362977e611-thumb.JPG
67b362a1b2751-thumb.JPG
67b362a2ef989-thumb.jpg
67b362a795c67-thumb.jpg
67b362a719363-thumb.jpg
67b362ab0ba15-thumb.jpg
67b362ac281c0-thumb.jpg
67b3629a41c8a-thumb.JPG
67b3629bc5897-thumb.JPG
67b3629d3b0a4-thumb.JPG
67b3629e2ca1e-thumb.JPG
67b3629ea3fa5-thumb.JPG
67b36296e96aa-thumb.JPG
Алдыга
Артка
67b362998204e-thumb.JPG
67b362977e611-thumb.JPG
67b362a1b2751-thumb.JPG
67b362a2ef989-thumb.jpg
67b362a795c67-thumb.jpg
67b362a719363-thumb.jpg
67b362ab0ba15-thumb.jpg
67b362ac281c0-thumb.jpg
67b3629a41c8a-thumb.JPG
67b3629bc5897-thumb.JPG
67b3629d3b0a4-thumb.JPG
67b3629e2ca1e-thumb.JPG
67b3629ea3fa5-thumb.JPG
67b36296e96aa-thumb.JPG
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы

Бишкек, 18.02.25. /Кабар/. Президенттин администрациясында министрлер кабинетинин башчысынын орун басары Эдил Байсаловдун төрагалыгы алдында мектеп рэкетчилигинин, бейбаштыктын жана жашы жете электердин арасындагы башка терс көрүнүштөрдүн алдын алуу маселелерине арналган видеоконференц-байланыш форматында кеңешме болуп өттү.

Жыйынга тармактык министрликтердин жетекчилери, президенттин облустардагы өкүлчүлүктөрүнүн жетекчилери, ошондой эле райондук мамлекеттик администрациялардын башчыларынын социалдык сектор боюнча орун басарлары катышты.

Талкуунун негизги темасы өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун, анын ичинде рэкетчилик, зордук-зомбулук, коркутуу жана башка мыйзамсыз аракеттердин көбөйүшүнүн тынчсыздандыруучу тенденциялары болду. 

Минкаб төрагасынын орун басары Эдил Байсалов бул маселени чечүүдө комплекстүү мамиле жасоонун маанилүүлүгүнө көңүл буруп, укук бузган жашы жете электер психологиялык жактан жабыркашы мүмкүндүгүн эске алуу зарылдыгын белгиледи.

"Балдарды коргоо биздин жалпы милдетибиз. Биз өсүп келе жаткан муундун коопсуздугун жана бакубаттуулугун камсыз кылуу үчүн өспүрүмдөр арасында кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча ишти күчөтүшүбүз керек", - деп баса белгиледи Эдил Байсалов.

Кеңешменин жыйынтыгы боюнча жергиликтүү бийлик органдарына жер-жерлерде ушундай эле отурумдарды уюштуруу жана жашы жете электер арасында кылмыштуулуктун алдын алуу боюнча иштиктүү чараларды иштеп чыгуу тапшырылды.