Бишкекте өлкөнүн курулуш тармагынын 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чара өттү

Министрлер кабинети 01 Август 2025 12:30
688c598a399a1-thumb.jpg
688c5988a4555-thumb.jpg
688c598bc31a3-thumb.jpg
688c598a9e916-thumb.jpg
688c598a9fe50-thumb.jpg
688c598a38f46-thumb.jpg
688c598b2cedf-thumb.jpg
688c598b31a81-thumb.jpg
688c598bbf0df-thumb.jpg
688c5985c1a21-thumb.jpg
688c5985c14db-thumb.jpg
688c5986b1419-thumb.jpg
688c5987b6500-thumb.jpg
688c5987b7060-thumb.jpg
688c5988a5262-thumb.jpg
688c59867bbd9-thumb.jpg
688c59885a8b1-thumb.jpg
688c598764fc5-thumb.jpg
688c598858fc1-thumb.jpg
688c598907da3-thumb.jpg
688c598909b46-thumb.jpg
688c5987220d7-thumb.jpg
688c5989831be-thumb.jpg
688c598623350-thumb.jpg
688c598624446-thumb.jpg
688c598982126-thumb.jpg
Алдыга
Артка
688c598a399a1-thumb.jpg
688c5988a4555-thumb.jpg
688c598bc31a3-thumb.jpg
688c598a9e916-thumb.jpg
688c598a9fe50-thumb.jpg
688c598a38f46-thumb.jpg
688c598b2cedf-thumb.jpg
688c598b31a81-thumb.jpg
688c598bbf0df-thumb.jpg
688c5985c1a21-thumb.jpg
688c5985c14db-thumb.jpg
688c5986b1419-thumb.jpg
688c5987b6500-thumb.jpg
688c5987b7060-thumb.jpg
688c5988a5262-thumb.jpg
688c59867bbd9-thumb.jpg
688c59885a8b1-thumb.jpg
688c598764fc5-thumb.jpg
688c598858fc1-thumb.jpg
688c598907da3-thumb.jpg
688c598909b46-thumb.jpg
688c5987220d7-thumb.jpg
688c5989831be-thumb.jpg
688c598623350-thumb.jpg
688c598624446-thumb.jpg
688c598982126-thumb.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 01.08.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өлкөнүн курулуш тармагынын 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты.

Майрамдык салтанат өнөр жайдын жетишкендиктерин жана борборубуздун көрүнүшүн өзгөрткөн жаңы курулуштарды көрсөткөн көргөзмө менен башталды. Андан соң минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев куттуктоо сөзүн сүйлөдү.

Ал өз сөзүндө президенттин жана министрлер кабинетинин атынан курулушчуларды, архитекторлорду, инженерлерди, өнөр жай ардагерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

Адылбек Касымалиев өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүдө курулуш тармагынын чечүүчү ролун белгилеп, курулушчулардын аракети менен заманбап үйлөр, ыңгайлуу мектептер, заманбап техникалар менен жабдылган ооруканалар жана башка маанилүү социалдык объектилер курулуп, инфраструктура жакшырып, жарандарыбыз үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлүп жатканын белгиледи.

Министрлер кабинетинин төрагасы ошондой эле акыркы жылдарда тармактын олуттуу ийгиликтерин белгиледи.

“2024-жылы курулуш тармагынын ИДПдагы үлүшү 8%дан ашып, экономиканын бардык тармактарынын ичинен 4-орунду ээледи. 2021-жылдан бери мамлекет курулуш тармагына 170 миллиард сомдон ашык инвестиция салды – бул рекорддук сумма. Акыркы 5 жылда 967 маанилүү социалдык объектилердин курулушун бүттү. 2024-жылы тармактын өсүшү 31,1%ды түздү, бул КМШ өлкөлөрүнүн ичинен эң жакшы көрсөткүч. Ал эми 2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында курулуштун өсүү темпи 142,5% түздү”, - деп белгиледи Адылбек Касымалиев.

Министрлер кабинетинин төрагасы өлкөнүн алдында турган амбициялуу долбоорлорго да токтолду, аларды ишке ашырууга курулуш тармагы өз салымын кошууга тийиш, атап айтканда, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун, Камбар-Ата ГЭС-1дин, Үч чоку лыжа базасынын, заманбап аймактык аэропорттордун жана жакынкы келечекте ишке ашыруу пландалып жаткан башка көптөгөн маанилүү объектилердин курулушу.

Сөзүнүн акырында министрлер кабинетинин төрагасы курулуш тармагында өзгөчөлөнгөн кызматкерлерге министрлер кабинетинин Ардак грамоталарын тапшырды.