Бишкекте Кыргызстандын Универсиадасы өтөт

Спорт Загрузка... 10 Март 2026 15:30
650140131_942244074815477_813957973395069361_n.jpg
copyright icon Дене тарбия жана спорт агенттиги

Бишкек, 10.03.26. /Кабар/. 11-марттан 27-апрелге чейин Бишкекте Кыргызстандын Универсиадасы өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага өлкөнүн бир катар жогорку окуу жайларынан келген 2500–3000ге жакын студент катышат. Алар спорттун 15 түрү боюнча күч сынашат.

Универсиаданын расмий ачылыш аземи 12-мартта саат 15:00дө Бишкек шаарындагы “Газпром” ден соолукту чыңдоо спорт комплексинде өтөт.

Мелдештер Жогорку лига жана I-лига форматында уюштурулат.