Бишкекте Кыргызстан-Россия агрардык университеттеринин жыйыны өттү

Коом 2 октябрь 2026 17:20
WhatsApp Image 2026-10-02 at 14.16.27 (5).jpeg
WhatsApp Image 2026-10-02 at 14.11.19 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-10-02 at 14.11.19.jpeg

WhatsApp Image 2026-10-02 at 14.16.27 (1).jpeg
WhatsApp Image 2026-10-02 at 14.16.27 (2).jpeg
WhatsApp Image 2026-10-02 at 14.16.27 (4).jpeg
WhatsApp Image 2026-10-02 at 14.16.27 (6).jpeg
WhatsApp Image 2026-10-02 at 14.16.27 (8).jpeg
WhatsApp Image 2026-10-02 at 14.16.27 (10).jpeg
WhatsApp Image 2026-10-02 at 14.16.27 (11).jpeg
WhatsApp Image 2026-10-02 at 14.16.27 (12).jpeg
WhatsApp Image 2026-10-02 at 14.16.27 (13).jpeg
WhatsApp Image 2026-10-02 at 14.16.27 (14).jpeg
WhatsApp Image 2026-10-02 at 14.16.27 (15).jpeg
WhatsApp Image 2026-10-02 at 14.16.27.jpeg
Алдыга
Артка

Бишкек, 02.10.26. /Кабар/. Бүгүн Кыргыз улуттук агрардык университетинде III Кыргыз-Россия билим берүү форумунун алкагында Кыргыз-Россия агрардык университеттеринин консорциумунун жыйыны өтүп жатат.

Уюштуруучулар билдиришкендей, жыйынга Кыргызстан жана Россиянын агрардык жогорку окуу жайларынын жетекчилери, окумуштуулар, мамлекеттик органдардын жана тармактык уюмдардын өкүлдөрү катышууда.

Жыйында консорциумдун 2025-2026-жылдардагы ишинин жыйынтыгы чыгарылып, 2027-2028-жылдарга иш планы талкууланууда. Анда агрардык билим берүү менен илимди өнүктүрүү, санариптик технологияларды киргизүү, академиялык мобилдүүлүк жана эмгек рыногуна керектүү адистерди даярдоо маселелерине көңүл бурулууда.

Ошондой эле геномдук селекция, топурактын биоинженериясы жана так дыйканчылык боюнча кызматташуунун келечеги каралууда.

Консорциум 2024-жылы түзүлгөн. Учурда анын курамына Алтай мамлекеттик агрардык университети да кошулуп, кызматташтыктын географиясы кеңейди.

Жыйындын алкагында тараптар кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган бир катар документтерге кол коюшту.