Бишкекте Кыргызстан менен Казакстандын президенттеринин расмий жолугушуу аземи өттү

Президент 921 22 Август 2025 11:11
536146037_1317329800401651_1789714258748009803_n (1).jpg
535896112_1317329613735003_23468765392929282_n (1).jpg
535401308_1317329707068327_1906417526624639449_n.jpg
536898212_1317329753734989_3249496542876268883_n.jpg
537087400_1317329657068332_7342380419548836210_n.jpg
537555353_1317329610401670_3695731310274337078_n.jpg
537329321_1317329760401655_1157200875746046788_n.jpg
535538955_1317329647068333_5336747687200995343_n.jpg
537260278_1317329697068328_6393711757467899954_n.jpg
535777476_1317329793734985_1549141373614533934_n.jpg
535461678_1317329857068312_7160891198498947439_n.jpg
537014181_1317329867068311_1621439706824777252_n.jpg
Алдыга
Артка

copyright icon Президенттин басма сөз кызматы

Бишкек, 22.08.25. /Кабар/. Бүгүн, 22-августта Бишкекте Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен расмий сапар менен келген Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин расмий жолугушуу аземи болду.

Казакстан лидеринин кортежи “Ынтымак Ордо” имаратына келип, Касым-Жомарт Токаевди президент Садыр Жапаров тосуп алды. Президенттик администрациянын имаратынын алдындагы флагштокторго Кыргызстан менен Казакстандын мамлекеттик желектери илинип, ардак кароол тизилди.

Президенттер саламдашкандан кийин эки өлкөнүн мамлекеттик гимндери жаңырып, мамлекет башчылары кароолдун катарын айланып чыгышты.

Сапардын алкагында мамлекет башчылары тар чөйрөдө эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, Жогорку мамлекеттер аралык кеңештин жетинчи отурумун өткөрүшөт. Ошондой эле тараптар эки тараптуу кызматташуунун бардык багыттары боюнча актуалдуу маселелерди, ошондой эле кыргыз-казак мамилелерин өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашат.

Мындан тышкары, сапардын жүрүшүндө эки өлкө лидерлеринин катышуусунда “Ынтымак” паркындагы “Достуктун алтын көпүрөсү” монументинин расмий ачылыш аземин өткөрүү пландаштырылууда.

Сапарга байланыштуу бир катар иш-чаралар, анын ичинде Казакстандын Ош шаарындагы Башкы консулдугунун расмий ачылыш аземи, Ошто Л. Н. Гумилев атындагы Евразия улуттук университетинин филиалынын ачылышы болот.

Эске салсак, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев кечээ, 21-августта Кыргызстанга расмий сапар менен келген.