Бишкекте кыргыз-түрк парламенттер аралык кызматташтыгын кеңейтүү маселеси талкууланды

Загрузка... 14 Февраль 2025 12:38
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
{{item.title }}
Next
Previous
Next
Previous
copyright icon Жогорку Кеңештин коомчулук жана ЖМКлар менен иштөө бөлүмү

Бишкек, 14.02.25. /Бишкек/. Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу Түркиянын Улуу Улуттук жыйынынын "Түркия-Кыргызстан" парламенттик достук тобунун башчысы Юсуф Беязыт баштаган делегацияны кабыл алды.

Парламенттин коомчулук жана ЖМКлар менен иштөө бөлүмүнөн билдиришкендей, жолугушууда эки өлкөнүн ортосундагы саясий-экономикалык, маданий-гуманитардык маселелер талкууланып, анын ичинен парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүү тууралуу сөз болду.

Алгач төрага Нурланбек Тургунбек уулу парламенттик дипломатия бардык байланыштардын өзөгүн түзөрүн белгилеп: “Андыктан, алакалардын уңгусу болгон парламенттер аралык кызматташтыкты Төрагалардын деңгээлинде гана эмес, тармактык комитеттердин жана депутаттык достук топторунун алкагында да өнүктүрүшүбүз кажет. Бүгүн сиздердин Кыргызстандагы сапарыңар өнөктөш эки парламенттин кызматташтыгын гана кеңейтүүгө өбөлгө түзбөстөн, боордош эки элдин байланышын чыңдоого көмөкчү болот деген ишеничтемин”, – деди. 

Муну менен катар Түркия Улуу Улуттук жыйынынын төрагасы Нуман Куртулмушту да Кыргызстанда күтөрүн айткан Нурланбек Тургунбек уулу ага дубай саламын жолдоду. 

Ошондой эле мамлекеттер аралык байланыштардын учурдагы абалына токтолгон төрага: "Аталган багыттагы алакаларыбыз ырааттуу өнүгүп келет. Айрыкча соода жүгүртүүнүн көлөмү өсүп, билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармактарындагы кызматташтык да жигердүү жүргүзүлүүдө. Албетте бизде мүмкүнчүлүктөр көп. Алардын бардыгын пайдалануу менен кыргыз-түрк өнөктөштүгүн жаңы деңгээлге чыгара алабыз", – деп кошумчалады.

Өз кезегинде Түркиянын Улуу Улуттук жыйынынын "Түркия-Кыргызстан" парламенттик достук тобунун башчысы Юсуф Беязыт жылуу кабыл алгандыгы үчүн Төрага Нурланбек Тургунбек уулуна ыраазычылык билдирип, өзү жетектеген делегациянын иш сапары ийгиликтүү өтүп жатканын баса белгиледи.

"Эки өлкөнүн байланышын чыңдоо биздин башкы максатыбыз. Андыктан, Бишкектеги иш сапарыбыздын алкагында актуалдуу маселелер боюнча ой бөлүшүп, кыргызстандык кесиптештерибиз менен кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган иш-аракеттер тууралуу сүйлөштүк. Буйруса көздөгөн максаттарыбызды биргелешип ишке ашырабыз деген үмүттөмүн", – деди Юсуф Беязыт. 

Баарлашуу маалында тараптар эл аралык коопсуздукка тиешелүү маселелер боюнча да пикир алмашып, анын ичинен Газа тилкесиндеги кырдаалды да талкуулашты.