Бишкек 08.06.25 /Кабар/. Бүгүн Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда кыргыз күрөш боюнча республикалык мелдеш өтүүдө.
Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, мелдеш эмгек сиңирген машыктыруучулар Анаркул Кыбраев, Марсел Мураталиев, Сүйүнбек Сулайманов жана дүйнө чемпиону Жанболат Осмоновдун жаркын элесине арналып уюштурулду.
Мелдешке республиканын бардык аймактарынан келген спортчулар катышууда. Жеңүүчүлөргө Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясынын тарабынан тиешелүү даражадагы диплом, медаль жана акчалай сыйлыктар тапшырылат.
Катышуучулар төмөнкү салмак категориясында күч сынашууда:
Эркектер: 60, 66, 72, 78, 84, 90, 96, +96 кг;
Кыз-келиндер: 66, 78, 90, +90 кг.