Бишкекте кыргыз-британ кызматташтыгын өнүктүрүүнүн келечеги талкууланды

Министрлер кабинети Жүктөлүүдө... 03 Апрель 2025 09:55
67ed2eeca8333-thumb.jpeg
67ed2ee6556bb-thumb.jpeg
67ed2f0448f8d-thumb.jpeg
67ed2ef216746-thumb.jpeg
67ed2f029f42f-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
67ed2eeca8333-thumb.jpeg
67ed2ee6556bb-thumb.jpeg
67ed2f0448f8d-thumb.jpeg
67ed2ef216746-thumb.jpeg
67ed2f029f42f-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы

Бишкек, 03.04.25. /Кабар/. Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Улуу Британия жана Түндүк Ирландиянын Бириккен Падышалыгынын Кыргызстандагы элчиси Николас Боулер менен жолукту.

Министрлер кабинетинен билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-британ кызматташтыгынын учурдагы абалына жана өнүктүрүүнүн келечегине токтолуп, эки тараптуу кызыкчылык туудурган маселелерди талкуулашты.

Тараптар эки өлкөнүн ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн оң динамикасынын уланып жатканын белгилешти. 

Минкаб төрагасынын биринчи орун басары кыргыз-британ мамилелеринин маанилүү окуяларынын катарында 6-февралда Кыргызстандын министрлер кабинети менен Улуу Британиянын “United Concrete Canvas” компаниясынын ортосунда Кыргызстанда цемент-композиттик материалдарды чыгаруу боюнча заманбап завод куруу жөнүндө макулдашууга кол коюлганын белгиледи.

Данияр Амангелдиев белгилегендей, бул инвестициялык долбоорду ишке ашыруу эки өлкөнүн өз ара пайдалуу кызматташтыгынын жаркын мисалы болуп саналат жана Кыргызстандын өнөр жайын өнүктүрүүгө салым кошот.

Өз кезегинде элчи Николас Боулер Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек араларды делимитациялоо маселесинин ийгиликтүү жана тарыхый чечилиши менен кыргыз тарапты куттуктап, муну аймактагы туруктуулукту жана коопсуздукту чыңдоодогу маанилүү учур катары белгиледи.

Мындан тышкары, Элчи Улуу Британиянын Экспорттук кредиттик агенттигинин аймактык башчысы Шебне Алп жетектеген делегациясынын Бишкекке боло турган жумуш сапары тууралуу маалымат берди. Николас Боулер сапардын жүрүшүндө тараптар олуттуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу механизмдерин кеңири талкуулай алат деген ишенимин билдирди.

Жолугушуунун соңунда тараптар кыргыз-британ кызматташтыгын бардык багыттар боюнча мындан ары өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө эки тараптын тең кызыкдар экенин ырасташты.