Бишкекте кудукка түшүп кеткен жаран куткарылды

Кырсык 149 13 Август 2026 09:50
copyright icon ӨКМ

Бишкек, 13.08.26. /Кабар/. Күн мурун Бишкекте кудукка түшүп кеткен жаран куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Чүй проспектисинде жайгашкан үйлөрдүн жанында эркек киши канализациялык кудукка түшүп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге 5 куткаруучу жөнөтүлгөн.

Куткаруучулар атайын альпинисттик жабдуулардын жардамы менен жаранды канализациялык кудуктан коопсуз чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

"Жарандын абалы канааттандырарлык. Медициналык жардамга муктаждык болгон эмес", - деп айтылат маалыматта.