Бишкекте кофеканадан чыккан өрт толук өчүрүлдү

Кырсык Загрузка... 09 Декабрь 2025 12:39
copyright icon ӨКМ

Бишкек, 09.12.25. /Кабар/. Бүгүн Бишкек шаарынын Эркиндик бульварында жайгашкан кофеканадан чыккан өрт саат 09:07 чектөөгө алынып, 11:24тө толук өчүрүлдү. Бул туралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Өрттү өчүрүүгө жалпы 2 күжүрмөн эсеп жана штаб тартылган. Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда.

Эскерте кетсек, бүгүн эртең менен Эркиндик бульварындагы турак үйдөн өрт чыкканы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттөн бир аял жабыркап, ага көмүр кычкыл газына ууланган деген диагноз коюлган.