Бишкекте "Көөнө тарых сырлары – 2024" илимий конференциясы өтүүдө

Маданият 26 Февраль 2025 09:40
481237200_939342978357459_8381702683773386803_n.jpg
481349715_939342868357470_1893723249697708149_n.jpg
480887119_939342751690815_5651762269278828824_n.jpg
481123466_939342635024160_4160636608635820087_n.jpg
481672668_939342601690830_1795777489988569134_n.jpg
Алдыга
Артка
481237200_939342978357459_8381702683773386803_n.jpg
481349715_939342868357470_1893723249697708149_n.jpg
480887119_939342751690815_5651762269278828824_n.jpg
481123466_939342635024160_4160636608635820087_n.jpg
481672668_939342601690830_1795777489988569134_n.jpg
Алдыга
Артка
copyright icon Маданият министрлигинин басма сөз кызматы

Бишкек, 26.02.25. /Кабар/. Күн мурун Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада "Көөнө тарых сырлары – 2024: Кыргыз Республикасынын мамлекеттик программасын ишке ашыруунун алгачкы жыл жыйынтыгы" аттуу илимий конференция өтүүдө.

Маданият министрлигинен билдиришкендей, 2023-2027-жылдарга "Көөнө тарых сырлары" тарыхый-маданий мурас объекттерин сактоо, изилдөө жана археологиялык казууларды жүргүзүү боюнча мамлекеттик программа Кыргыз Республикасынын президентинин жарлыгынын алкагында жана Кыргыз Республикасынын тарыхый-маданий мурас объекттерин сактоону, изилдөөнү жана популярдаштырууну камсыз кылуу, ошондой эле аларды билим берүү жана туристтик чөйрөдө пайдалануу үчүн зарыл шарттарды жана инфраструктураны түзүү максатында иштелип чыккан.

Конференциянын максаты, 2023-2027-жылдарга "Көөнө тарых сырлары" тарыхый-маданий мурас объекттерин сактоо, изилдөө жана археологиялык казууларды жүргүзүү боюнча мамлекеттик программаны ишке ашыруунун алгачкы жыл жыйынтыгын чыгаруу болуп саналат.

Конференциянын алкагында буга чейин белгилүү болгон тарыхый-маданий мурас эстеликтерин изилдөө жана документтештирүү боюнча акыркы жылдардагы изилдөөлөргө жана акыркы жылдары Кыргызстанда жүргүзүлүп жаткан археологиялык изилдөөлөргө жана жаңы табылгаларга, аларды сактоонун жана жайылтуунун актуалдуу маселелерине өзгөчө көңүл бурулат.

Программаны ишке ашыруунун алгачкы жылында маанилүү натыйжаларга жетишилип, Ысык-Көл, Нарын облустарында археологиялык казуулар жүргүзүлдү. Ошондой эле Өзгөн шаарындагы Өзгөн чалдыбарында байыркы жана орто кылымдардагы эстеликтерди жана Кочкор районунун аймагындагы “Кочкор-Башы” (Кум-Дөбө) чалдыбарын изилдөө, археологиялык казуу жана консервациялоо, музейлештирүү боюнча иш-чаралар, ошондой эле Ысык-Көл облусундагы “Асман” экологиялык шаарынын аймагындагы археологиялык объекттерди казуу иштери ишке ашырылды.

Белгилей кестек, Археология, тарых, маданият таануу жаатындагы адистер, тектеш дисциплиналар боюнча иштеген илимий коомчулуктун өкүлдөрү, ошондой эле эл аралык эксперттер конференцияга катышууга чакырылган.

Эске салсак, илимий конференция бүгүн, 26-февралда дагы уланат.