Бишкекте климаттын өзгөрүшү, экология маселелери талкууланды

Министрлер кабинети 01 Июль 2025 18:13
6863cb1b4a215-thumb.jpeg
6863cb1a3aa9b-thumb.jpeg
6863cb1b9e5a7-thumb.jpeg
6863cb1c43247-thumb.jpeg
6863cb1d0f51d-thumb.jpeg
6863cb1d61dff-thumb.jpeg
6863cb1e4abb1-thumb.jpeg
6863cb1f633a7-thumb.jpeg
6863cb1f15628-thumb.jpeg
6863cb20cf259-thumb.jpeg
6863cb21ccf66-thumb.jpeg
6863cb22a5144-thumb.jpeg
6863cb25acdb2-thumb.jpeg
6863cb241e4e2-thumb.jpeg
6863cb266e350-thumb.jpeg
6863cb274e17c-thumb.jpeg
6863cb22145f3-thumb.jpeg
6863cb25391b4-thumb.jpeg
6863cb247391e-thumb.jpeg
6863cb2039947-thumb.jpeg
6863cb2686772-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
6863cb1b4a215-thumb.jpeg
6863cb1a3aa9b-thumb.jpeg
6863cb1b9e5a7-thumb.jpeg
6863cb1c43247-thumb.jpeg
6863cb1d0f51d-thumb.jpeg
6863cb1d61dff-thumb.jpeg
6863cb1e4abb1-thumb.jpeg
6863cb1f633a7-thumb.jpeg
6863cb1f15628-thumb.jpeg
6863cb20cf259-thumb.jpeg
6863cb21ccf66-thumb.jpeg
6863cb22a5144-thumb.jpeg
6863cb25acdb2-thumb.jpeg
6863cb241e4e2-thumb.jpeg
6863cb266e350-thumb.jpeg
6863cb274e17c-thumb.jpeg
6863cb22145f3-thumb.jpeg
6863cb25391b4-thumb.jpeg
6863cb247391e-thumb.jpeg
6863cb2039947-thumb.jpeg
6863cb2686772-thumb.jpeg
Алдыга
Артка
copyright icon Министрлер кабинети

Бишкек, 01.07.25. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин жетекчилиги алдында Климаттын өзгөрүшү, экология жана туруктуу өнүктүрүү маселелери боюнча координациялык кеңештин жыйыны өттү.

Отурумдун күн тартибине эки маселе коюлган. 

Алсак, 2025-2028-жылдарга Климаттык каржылоо үчүн Кыргызстан менен Жашыл климаттык фонддун ортосундагы Өлкөлүк программа каралды. Бул программаны ишке ашыруу үчүн төмөндөгү 6 долбоор камтылган: 

Кыргызстандын турак жай секторунда парник газдарынын чыгарылышын кыскартуу долбоору;

Кыргызстанда экосистемага негизделген адаптация жана табигый кырсык тобокелдиктерин башкаруу аркылуу климаттын туруктуулугун жогорулатуу долбоору; 

Ысык-Көлдүн тоолуу аймагында экосистемалык кызматтарды жакшыртуу аркылуу туруктуулукту жогорулатуу долбоору;

Баткен облусунда климатка туруктуу айыл чарбасы үчүн жергиликтүү аракеттер жана маалыматтарга негизделген суу ресурстарын комплекстүү башкаруу долбоору;

Кыргызстандын турак жай секторунда парник газдарынын эмиссиясын азайтуу долбоору;

Чакан жана орто бизнести жана үй чарбаларын климаттык каржылоо программасын ишке ашыруу долбоору. 

Жогорудагы долбоорлор Координациялык кеңештин мүчөлөрү жана бүгүнкү отурумдун катышуучулары тарабынан талкууга алынып жактырылды.

Долбоорлордун максаттары тууралуу жасалган баяндамалардан кийин МинКаб Төрагасы Адылбек Касымалиев, Координациялык кеңештин мүчөлөрү тарабынан бекитилген долбоорлорго тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине жогорудагы багыттар боюнча дыкат иш алып барууну жана натыйжалуу ишке ашырууну тапшырды. 

Ошондой эле, министрлер кабинетине караштуу Климаттык каржылоо борборунун 2025-жылга карата иш планы каралды. 

Отурумдун соңунда минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев, Координациялык кеңештин милдеттери климаттык фонддор менен кызматташуу стратегиясын аныктоо, ошондой эле климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин жумшартуу жана ага адаптациялоо, экологиялык коопсуздукту жана туруктуу өнүгүүнү камсыздоо боюнча долбоорлорду карап чыгуу жана бекитүү экенин белгиледи. 

“Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, жакында бекитилген 2030-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасында “Климаттын өзгөрүшүнө туруктуулук” деген багыт каралган. Мамлекеттин алдында турган милдеттердин бири, эл аралык милдеттенмелердин контекстинде да, улуттук саясатта да климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо жана кесепеттерин жумшартуу, табигый экосистемаларды, түрлөрдүн жана генетикалык ар түрдүүлүктү сактоо болуп саналат. Биотүрдүүлүктү, суу ресурстарын жана табигый мурасты коргоо келечек муун үчүн уникалдуу тоо экосистемаларын сактоого мүмкүндүк берет. Ошондуктан, бул багытта активдүү жана өз убагында иш алып баруу зарыл”, – деди минкаб төрагасы Адылбек Касымалиев.