Бишкек, 24.12.25. /Кабар/. Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгы атылып өлтүрүлгөн маркум аялдын мурдагы күйөөсү менен каргашалуу окуя болгон үйгө кирип бараткандагы видеосун жарыялады.
Эске салсак, Бишкекте 23-декабрда болжол менен саат 21:40 чамасында Бишкек шаардык милициясынын "102" кызматына Бишкек шаарынын Ж.Бөкөнбаев көчөсүндө жайгашкан батирлердин биринде болгон окуя тууралуу билдирүү келип түшкөн.
Жерине Свердлов райондук милициясынын ыкчам-тергөө тобу дароо жөнөтүлгөн. Анда 1978-жылы туулган У.Ж жана 1977-жылы туулган У.Б ортосунда чыккан жаңжалдан улам У.Б. ок чыгарганы аныкталган. Натыйжада аял алган жаракаттарынан улам окуя болгон жерден каза болгон.
Аталган факт боюнча Свердлов райондук милициясынын Тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 122-беренеси ("Адам өлтүрүү") боюнча кылмыш иши козголду.
Бул окуя боюнча 1977-жылы туулган У.Б. кылмыш жасоого шектелип, Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Ошондой эле У.Ж. аттуу жаранды уурдоо фактысы болбогону жана ошол учурда шектүү мас абалында экени аныкталган.
Учурда тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Бишкек шаардык милициясынын басма сөз кызматынан белгилешкендей, үй-бүлөлүк жана турмуштук зомбулукка байланышкан бардык фактылар жана билдирүүлөр ички иштер органдарынын жетекчилигинин туруктуу көзөмөлүндө жана мыйзамда белгиленген тартипте каралат. Жарандардын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч жаралган учурда дароо укук коргоо органдарына кайрылуу сунушталат.