Мамлекетке деп өзүнө каттатып алган мүлктөр ээсине кайтарылууда – президент

Президент Загрузка... 12 Апрель 2026 14:15

Бишкек, 12.04.26. /Кабар/. Мамлекетке өткөрөбүз деп өзүнө каттатып алган мүлктөрдү ээсине кайтарып жатабыз. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров журналист Ыдырыс Исаковго берген маегинде билдирди.

Өлкө башчысы белгилегендей, эгерде чындап эле кимдир-бирөөнүн мүлкү адилетсиз алынып калган болсо, алар каралып чыгат.

“Мыйзамсыз менчиктештирип алган же иш козголуп туруп, конфискация болуп, мамлекетке өтүп кеткен мүлктөр кайтарылбайт. Аны ачык эле айтыш керек да. Анан кээ бир окуялар чыгып жатат, мамлекетке өтөт деп унаа, батир, акчалай алып туруп өзүнүн менчигине алып алган. Булардын бардыгын алып, кайрадан ээлерине кайтарып берип жатабыз. Бүт иштердин баары бүткөндөн кийин жыйынтыгы менен жалпы элге маалымат берилет”, - деди президент.