Бишкек, 10.04.26. /Кабар/. Акча опузалаган УКМКнын үч кызматкери кармалды. Бул тууралуу атайын кызматтан билдиришти.
Маалыматта белгиленгендей, бул иштер кадрдык курамды тазалоонун алкагында жүргүзүлдү.
Ага ылайык, УКМКнын кызматкерлеринин, башка кызмат адамдарынын жана үчүнчү жактардын катышуусундагы коррупциялык фактылар боюнча кылмыш иши козголду.
Тергөөдө УКМКнын учурдагы кызматкерлери тарабынан ишкерлерден системалуу түрдө акча опузалоо фактысы аныкталды. Мындан улам үч кызматкер тергөө абагына киргизилди.
Ошондой эле ишкердик субъекттерин текшерүү иштерин жүргүзгөн мамлекеттик органдардын үч кызматкери кармалып, мыйзамсыз аракеттерге тиешеси бар экени такталды.
УКМК улуттук коопсуздук органдарынын аброюна жана беделине шек келтирген кызматкерлердин аракеттерин аныктоого, бөгөт коюуга жана жоопкерчиликке тартууга багытталган иштерди туруктуу негизде жүргүзөрүн кошумчалады.