Бишкекте катуу шамалдан жабыркаган мамлекеттик туу калыбына келтирилди

Коом Загрузка... 18 Май 2025 13:14
IMG-20250518-WA0023.jpg
copyright icon WWW

Мээрим Дүйшөналиева

Бардык материалдар

Бишкек, 18.05.25. /Кабар/. Бишкекте катуу шамалдан жабыркаган мамлекеттик туу калыбына келтирилди. Бул тууралуу "Кабар" агенттигине мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматта белгиленгендей, 17-майдан 18-майга караган түнү катуу шамалдын кесепетинен мамлекеттик тууга зыян келтирилген. Ала-Тоо аянтындагы желек 30 мүнөттүн ичинде ыкчам алмаштырылган.

Күн мурун Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратып, түнкүсүн Бишкекте жана Чүй өрөөнүндө күн күркүрөп, батыштан соккон ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жеткен катуу шамал болорун маалымдаган.

Эске салсак, былтыр Бишкекте Ала-Тоо аянтындагы мамлекеттик туу жайгашкан жер реконструкциядан өткөн.

31-августта туу көтөрүлүп, узундугу Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун 100 жылдык мааракесине карата 100 метр, ал эми Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 33 жылдыгына байланыштуу 33 метр болгон.

Флагштоктун узундугу мурда 45 метр болчу.